Бөлүмдөр
Шаршемби, 26-июнь
Ош облусу, Ош 11.08.2018 13:30

Ош шаардык прокуратурасында кайсы жетекчилер жазага тартылды?

Turmush -  Ош шаарынын прокурорлугуна, анын орун басарлыгына жана Ош шаардык прокуратурасынын бөлүм башчылыгына азырынча эч ким дайындала элек.

Маалым болгондой, Башкы прокуратура бир катар прокурорлор кызматынан төмөндөтүлүп, бир катар кызматкерлерге эскертүү берилгенин 7-августта жарыялаган. Алардын катарында Ош шаарынын прокурору, анын орун басары жана Ош шаардык прокуратурасынын бөлүм башчысы да бар.

Ош шаарынын прокурору болуп 2017-жылдын май айында Айгүл Момбекова дайындалган. Ага чейин Кара-Суу районунун, Жалал-Абаддагы Майлуу-Суу шаарынын прокурору, Башкы прокуратурада улук прокурор болуп эмгектенген болчу.

d2ea78fd8286cdde960bffccd65d1148_500_0_0

Буга чейин Башкы прокуратуранын 27-июлда өткөн коллегиясында кызматтык милдеттерин тийиштүү түрдө аткарбаган, прокурордук көзөмөлдү жетиштүү деңгээлде жүргүзбөгөн жана ишиндеги башка кемчиликтер үчүн прокуратура органдарынын жетекчилери менен кызматкерлерге катуу тартиптик чара көрүү чечими кабыл алынган болчу.

«Башкы прокурордун 6-августтагы буйругу менен 11 кызматкерге карата эскертүү, 8 кызматкерге сөгүш, 9 кызматкерге катуу сөгүш берилип, 9 кызматкер ээлеген кызматына толук ылайык келбестиги жөнүндө эскертүү алса, 12 кызматкерге кызмат ордунан төмөндөтүү жөнүндө тартиптик жаза жарыяланды», - деп айтылат расмий билдирүүдө.

Кызмат ордунан төмөндөтүлгөн кызматкерлер:

- Ош шаарынын прокурору;

- Ош шаарынын прокурорунун орун басары;

- Бишкек шаарынын прокурорунун орун басары;

- Бишкек шаарынын Ленин районунун прокурору;

- Ленин районунун прокурорунун орун басары;

- Биринчи Май районунун прокурорунун орун басары;

- Октябрь районунун прокурорунун орун басары;

- Чүй облусунун жана Бишкек, Ош шаарларынын прокуратураларынын бөлүм башчылары.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×