Бөлүмдөр
Ишемби, 17-ноябрь
Ош облусуАраван району 13.08.2018 17:46 На русском

Араванда өз өмүрүнө кол салган 18 жаштагы жигиттин жанынан кат табышты

Turmush -  Араван районунун 2000-жылы туулган К.Ү. аттуу тургуну кечээ, 12-август күнү таңкы саат 4:30 чамасында өзү жашаган үйдө асынып турган жерден табылды. Анын жанынан «Ата, апа, мени кечиргиле. Мен силердин үмүтүңөрдү актай алган жокмун. Чыныгы дүйнөдө көрүшөбүз» деп жазылган кат табылган.

Бул фактыны Ош ОИИБден тастыкташты. Алдын ала маалыматтар боюнча, маркумдун атасы Россияда эмгектенет. Ал эми апасы медайым. Жакындарынын көрсөтмөсү боюнча, буга чейин үйдө ызы-чуу чыккан эмес.

Ал эми жергиликтүүлөрдүн айтымында, маркум ушул жылы мектепти артыкчылк аттестат менен аяктаган. Аны үлгүлүү жашаган үй-бүлөнүн уулу катары таанышчу. Ал эми денесинен күч колдонулган белгилер табылган эмес.

Ата-энеси баласынын денесине соттук-медициналык эскпертиза жүргүзүүдөн баш тартышкан. Учурда териштирүү, тактоо иштери жүргүзүлүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×