Бөлүмдөр
Ишемби, 17-ноябрь
Ош облусуАлай району 14.08.2018 18:42

Алайда Ата Мекендик согуштун ардагери Тажибай Кадыркулов көз жумду

Turmush -  Алай районунда согуш ардагерлеринин катары дагы бир адамга азайды. Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу, ардагер Кадыркулов Тажибай 95 жашында дүйнө салды, деп билдирди аймактык кабарчы.

Адагер 1923-жылы Алай районунун Кабылан-Көл айылында төрөлгөн. 1935-1936-жылдары мектепте билим алып, 7-классты 1942-жылы аяктаган. 1942-жылдын октябрь айында Советтик Армиянын катарына чакырылып, үч айлык даярдыктан өткөндөн кийин согуш майданына аттанган.

Алгач Пенза облусундагы Кузнецский шаарында кошумча даярдоо полкунда кызмат өтөп, 1943-жылдан тарта Саратов, Ростов багыттарындагы согушка катышат. Донбасс облусундагы согушта жарадар болуп, госпиталда да дарыланган. Андан кийин Украинадагы айыгышкан салгылашта эки жолу жарадар болуп, кайрадан госпиталга жаткан.

1944-жылдын май айынан баштап Крымды, Белоруссияны бошотууга катышса, кийин Польша жеринде бир топ эрдиктерди жараткан. 1945-жылдын январь айынан баштап Беларус фронтунун маршалы Роковскийдин армиясы менен бирге Германиянын бир топ жерлерин басып, өз Мекенине 1946-жылы Жеңиш менен кайтып келген.

Согушта көрсөткөн эрдиктери үчүн «За отвагу», «За бытовой заслугу», «Согуштун 20-25-30-35-жылдыктарына» карата медалдар менен сыйланган. «Жеңиштин 40 жылдыгы», «Улуу Ата Мекендик согуштун 50-55-60-65-70-жылдыгына», карата медалдар, «СССРдин Куралдуу Күчтөрүнүн 70 жылдыгы», «За добросовестный труд» медалдары жана башка аскер комиссариатынын Ардак грамоталарына да татыды.

Согуштан келгенден кийин 1947-жылдан 1978-жылга чейин колхоздун, совхоздун ар түрдүү жумуштарында иштеген. 1979-1986-жылдары Кабылан-Көл орто мектебинин директорунун чарбалык иштер боюнча орун басары болуп, мектептин айланасын тостуруп, бак-дарактарды отургузуп, көрктөндүрүүгө зор салымын кошкон болчу.

Кадыркулов Тажибай ата байбичеси Кадыркулова Талия апа менен биргеликте 5 уул, 1 кызды тарбиялап өстүрүшкөн. Ал 32 неберенин, 37 чөбөрөнүн атасы болду.

Ардагер Тажибай Кадыркуловду акыркы сапарга узатуу зыйнатына Алай районунун акими Илияз Ташкулов, анын орун басары, райондун аскер комиссары Сатимбай уулу Айбек, Кабылан-Көл айыл өкмөтүнүн башчысы Токтосун Камилов жана айыл аксакалдары, жергиликтүү тургундар катышыты.

Учурда Алай районунда Улу Ата Мекендик согуштун 3 ардагери — 101 жаштагы Арин Маманов, 98-99 жаштардагы Суранбай Алиев жана Дөөлат Боронов жашайт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×