Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 24-сентябрь
Ош облусуКара-Кулжа району 15.08.2018 10:00 На русском

Кара-Кулжада сибирь жарасына шектелген 13 адамдын экөө жаш балдар

Turmush -  Кара-Кулжада тери оорусу менен жабыркаган 13 адам сибирь жарасына шектелип, ооруканага жаткырылды. Алардын ичинен экөө жаш балдар, деп билдирди райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун башкы дарыгери Чынара Кармышакова.

Алдын ала маалыматтар боюнча, райондогу Карагуз айыл өкмөтүнүн Калматай жана Кыз-Мазар айылдарынын тургундары сибирь жарасы менен ооруган малдын этин жеген деп болжолдонуп жатат. Мал 6-август күнү Алтын-Күрөк айылында союлган.

Бейтаптар 14 күн дарыгерлердин көзөмөлүндө болуп, оорунун белгилери толугу менен изилденет. Учурда алдын алуу жана түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×