Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 24-сентябрь
Ош облусуАраван району 16.08.2018 12:11

Видео, сүрөт — С.Жээнбеков Аравандагы «Жаңы-Жер» чек ара заставасынын жаңы имаратын ачты

Turmush -  Президент Сооронбай Жээнбеков Ош облусунун Араван районундагы «Жаңы-Жер» чек ара заставасынын жаңы имаратынын ачылышына катышты.

Өз сөзүндө өлкө башчы учурда Өзбекстан менен чек ара маселеси 85%га такталгандыгын билдирди.

«Биз өзүбүздүн мамлекетти коргоого шарт түзүп берип жатабыз. Мен өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү болуп турганда бул заставанын имараты жок, бала бакчанын имаратында турушчу. Эми жаңы имарат ачылып жатат. Мен абдан сүйүнүп турам. Россия Федерациясына ыраазычылыгымды билдирем. Россиянын колдоосу менен заманбап имаратка ээ болуп отурабыз. Биз коңшу мамлекеттер менен ынтымакта жашап келгенбиз. Казакстан мамлекети менен чек ара маселелери чечилип жатат. Өзбекстан менен чек ара маселеси 85%га такталып калды.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев эрктүүлүгүн көрсөтүп, чек ара маселесин чечүүнү колдоп берди. Учурда калган 15% чек араны тактоо боюнча өкмөт аралык комиссия 10 күндөн эки мамлекетте иштеп жатышат.

Ошону менен катар Тажикстан мамлекети менен да чек ара маселесин чечүү аракеттери көрүлүүдө. Өлкөнүн коопсуздугу чек араны коргоодон башталат. Чек арачы болуу үчүн кыраакы болуу керек. Чек арачылар ар кандай окуяларга туш болушат. Ошондо алардан эрдик талап кылынат. Эң ыйык кесип Ата-Мекенди коргоо», - деди С.Жээнбеков.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×