Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 24-сентябрь
Ош облусуАлай району 17.08.2018 13:27

Араванда цемент завод ачылган айыл өкмөт дотациядан чыкты

Turmush -  Араван районунда цемент завод ачылып, Алля Анаров айыл өкмөтү дотациядан чыккан. Бул тууралуу бүгүн, 17-август күнү өкмөттүн Оштогу өкүлү Узарбек Жылкыбаев Араван районундагы цемент заводдор менен таанышуу учурунда маалым болду.

Аталган айыл өкмөттүн башчысы Жалилидин Нурбаевдин айтымында, цемент заводдун ачылышы менен жергиликтүүлөр жумуш менен камсыз болушкан. Учурда Араван цемент заводу күнүнө 1,5 тонна цемент өндүрүп жатат.

«Быйыл дагы жаңы цемент заводу курулуп жатат. Ал ишке кирип калса күнүнө 3,5 тонна цемент иштеп чыгарат», - деди Ж.Нурбаев.

Ошондой эле облус жетекчилиги Керме-тоо айыл өкмөтүндөгү цемент заводу менен таанышты. Бул завод ушул жылдын март айынан тартып ишке кирген. Учурда 200 жумушчу эмгектенип, күнүнө 600 тонна цемент өндүрүп жатышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×