Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-ноябрь
Ош облусу, Ноокат 22.08.2018 13:05 На русском

Ноокатта «Биринчи мугалимдеги» Дүйшөн менен Алтынайдын айкели орнотулду (сүрөт)

Turmush -  Бүгүн, 22-августта Ноокат шаарында улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун «Биринчи мугалим» чыгармасындагы каармандар — Дүйшөн менен Алтынайдын эстелиги ачылды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаты Төрөбай Зулпукаров, өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Узарбек Жылкыбаев, Ноокат районунун акими Давранбек Маматалиев, Ноокат шаарынын мэри Жоомарт Нурдинов жана райондук билим берүү бөлүмүнөн мугалимдер катышты.

Ноокат шаарынын 90 жылдык мааракесине карата биринчи мугалим Дүйшөн жана анын окуучусу Алтынайдын эстелигин көркөм эстетика гимназиясынын мугалимдери өз колдору менен жасап чыгышкан. Иш-чаранын катышуучулары искусство аркылуу жаралган эстелик жаш мугалимдерге өз кесибин сүйүүгө, аң-сезимин жогорулатууга жакшы түрткү болорун белгилешти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×