Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-ноябрь
Ош облусуАраван району 23.08.2018 09:14 Жаңыланды: 23.08.2018 10:52 На русском

Сүрөт: Араванда ашкана өрттөнүп, 10 жаштагы бала менен апасы каза болду

Turmush -  Араван районундагы өрттүн кесепетинен 2 адамдын өмүрү кыйылды. ӨКМдин басма сөз кызматынын билдирүүсү боюнча, өрт өчүрүүчүлөргө бүгүн, 23-августта таң эрте Керме-Тоо айыл аймагындагы мечиттен өрт чыкканы тууралуу маалымат түшкөн. Өрттү өчүрүүгө саат 07:15те жалпы 2 бөлүм жөнөтүлүп, өрт саат 07:50дө чектөөгө алынды. Саат 09:28де өрт толук өчүрүлгөн.

Такталган маалымат боюнча, өрттүн кесепетинен 2 адам:

- 1982-жылы туулган О.Г. аттуу аял киши;

- 2008-жылы туулган Р.Д. аттуу бала каза болду.

Буга чейин ӨКМ 2 эркек адам көз жумганын билдирген болчу.

Turmush басылмасынын кабарчысына Ош ОИИБден билдиришкендей, бүгүн, 23-август күнү саат 07:35 чамасында Керме-Тоо айыл аймагынын Бел (Гүлбаар) айылында өрт кырсыгы катталган. Өрт жолдун боюнда жайгашкан намазкананын жанындагы тез тамактануучу жайдан чыккан.

Маалыматта айтылгандай, аталган тез тамактануучу жайды иштеткен ашпозчу — 1982-жылы туулган О.Г. (аял киши) жана анын уулу — 2007-жылы туулган Р.Д. ашканадагы мешти күйгүзгөндө газ баллон жарылып, өрт чыккан. Андан эне-бала катуу жаракат алып, көп узабай көз жумушту. Ошондой эле өрт кырсыгынын кесепетинен ашкана, соода жайы жана жанында жайгашкан намазкана кошо өрттөнгөн.

Окуя болгон жерге Ош ОИИБдин, Араван РИИБдин жетекчилиги менен ыкчам тергөө тобу барып, тийиштүү экспертизалар дайындалды. Топтолгон материалдар Араван РИИБдин кылмыш каттоо китебине катталып, текшерүү иштерин да Араван РИИБдин тергөө кызматы жүргүзүп жатат.

Учурда маркумдардын денеси туугандарына өткөрүлүп берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×