Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 24-сентябрь
Ош облусуӨзгөн району 23.08.2018 09:33

Акыркы суткада өлкө аймагында 17 өрт чыкты

Turmush -  Акыркы сутка ичинде республиканын аймагында 17 өрт кырсыктары катталды. Аларды өчүрүүгө 21 бөлүм жөнөтүлдү, деп билдирди бүгүн, 23-августта ӨКМдин басма сөз кызматы.

Оштогу Өзгөн районунун Куршаб айылындагы сарайдан өрт чыгып, анын кесепетинен 80 чарчы метр чатыры жана 750 түк чөп күйгөн. Өрт жанаша жайгашкан 2 сарайга жайылып, 100 чарчы метр чатыры, 700 түк чөп жана 200 түк саман күйгөн. Адамдар жабыркаган жок. Учурда өрттүн себеби такталууда.

Ошондой эле белгисиз себеп менен Жалал-Абаддагы Сузак районунун Достук айылында сарайдын 160 чарчы метр чатыры жана 300 түк чөп өрттөндү. Адамдар жабыркаган жок.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×