Бөлүмдөр
Ишемби, 17-ноябрь
Ош облусуАлай району 23.08.2018 13:10 На русском

Алайлыктар облус башчысынан 25 жыл мурун сел алып кеткен жолду оңдоону суранышты

Turmush -  Алай районунун жашоочулары өкмөттүн Ош облусундагы өкүлүнө Алай—Кара-Кулжа унаа жолу оңдоого муктаж экенин айтышты. Өкүл Узарбек Жылкыбаев бүгүн, 23-августта райондогу тургундар жана жетекчилер менен жолугушканын өкүлчүлүктүн басма сөз катчысы Айтмат Азамжан уулу билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө У.Жылкыбаев элди айыл ичиндеги коррупцияга каршы күрөшүүгө чакырып: «Коррупция менен күрөшүү республикалык деңгээлде жүрүп жатат. Бирок район, айыл элдери коррупция менен күрөшүүнү сезбей жатасыздар. Коррупция менен катуу күрөшөлү. Мектеп жетекчилерин дагы ротация жолу менен алмаштыруу зарыл. Ал эми буга чейин Ыссык-Көлдө ишке ашырылган "Бир айыл, бир продукт" программасын Ошко дагы киргизип, ички туризмди өнүктүрөбүз. Айылдардагы той-аштардагы ысырапкорчулукка жол бербейли», - деди.

окмот Жергиликтүүлөр өкүлдөн аталган унаа жолду оңдоп берүүнү суранышты. Алай—Кара-Кулжа жолунда 1993-жылы каттуу жаан жаап, Суук-Дөбө ашуусундагы көпүрөнү сел алып кеткен. Жол ошол убактан бери толугу менен оңдолбой келет. Учурда аталган жолдон жеңил унаалар каттай албайт. Жашоочулар унаа жолду оңдоп берүү боюнча жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө бир нече жолу кайрылышкан.

У.Жылкыбаев бул тууралуу өкмөткө билдирип, жолду оңдоого көмөк көрсөтүүнү убадалады.

окмот 2 Алай—Кара-Кулжа жолу 1972-1975-жылдары курулган. Кара-Кулжадан Алай районунун борбору Гүлчө айылына чейинки жол 60 чакырымды түзөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×