Бөлүмдөр
Ишемби, 15-декабрь
Ош облусу, Ош 24.08.2018 13:15

Айыл турмушу: Ошто жашап жаткан өзбекстандык Ислам өзгөчө формадагы нан жасайт (фото)

Turmush -  Өзбекстандан Ош шаарына келген 25 жаштагы Ислам Бокийев түрдүү формадагы нандарды жасап сатат. Ал кыргыз-өзбек достугун даңазалаган нанды жасоону пландап жатканын аймактык кабарчы менен болгон маегинде айтып берди.

Наабайчы буга чейин өзгөчө формадагы нандарды Өзбекстандын Наманган облусунда жасап келген. Ал 2 жылдан бери Намангандын нанын Ошто жасап сатууда.

«Мен жасаган нандардын өзгөчөлүгү формаларында. Нандын ар кандай формаларын өзүм ойлоп табам. Азыр 17 түрдүү нан жасап жатам. Алардын ар биринин өзүнүн аталыштары да бар. Мисалы, үч бурчтуу, төрт-беш бурчтуу, жүрөкчө, кокон патыр деп атап алганбыз», - дейт наабайчы.

Анын наабайканасы Ош шаарынын Амир Темур шаарчасында жайгашкан. Ал жерде Ислам Бокийев менен чогуу дагы төрт киши эмгектенет.

«Бул нандар базарда, дүкөндөрдө сатылбайт. Адамдар өздөрү издеп келип, буйрутма беришет. Той-маарекелерге көп алып кетишет. 1000 же 2000 даанага чейин буюртма бергендер болот. Бир тандырга 50дөн нан батат. Нан өзүнчө жапкычтар менен жабылып, алар үчүн өзүнчө камыр жуурулат.

Бул жакта иштеген жакты, эли меймандос экен. Мен жасаган нандарды жергиликтүүлүлөр тумарга окшоштуруп тумар нан деп аташат экен. Ал эми бизде Самарканд, Наманган, Кокон нандары деп аташат», - деди И.Бокийев

Нандардын жасалышына дагы да өзгөчөлүк киргизүүнү каалаган наабайчы жакында өзбек-кыргыз деген аталыштагы нан жасап, ага эки куштун сүрөтүн түшүрүү ниетинде экендигин кошумчалады. Ал жасаган нандарын дүйнөгө тааныткысы келет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×