Бөлүмдөр
Ишемби, 17-ноябрь
Ош облусуНоокат району 27.08.2018 08:38

Төөлөс айыл өкмөтүндө союз убагындагы курулуштар оңдоодон өткөрүлдү

Turmush -  Ноокат районунун Төөлөс айыл өкмөтүндөгү союз убагындагы курулуштар оңдоодон өткөрүлдү. Алардын ичинен Айтамга айылындагы бала бакчага 1 млн сомго жылуулук берүүчү түтүкчөлөр орнотулган. Бул тууралуу аталган айыл өкмөттүн башчысы Адыл Эшматов кабарчыга билдирди.

«120 балага ылайыкталган бала бакчанын жылуулук түтүкчөсү союз убагында курулгандыктан иштен чыгып калган эле. Жергиликтүү бюджеттен 1 млн сом бөлүнүп, оңдоо иштери аяктап калды. У.Салиева атындагы орто мектеби да союз убагында курулуп, ашканадагы эмеректер да эскилиги жетип калган. Ага 90 балага ылайыкталган отургучтар алынды», - деди Адыл Эшматов.

Аталган айыл өкмөттүн Толман айылында 6 млн 700 миң сомго спорт зал да курулуп жатат.

«Республикалык бюджеттен 1 млн 300 миң сом, ал эми жергиликтүү бюджеттен 5 млн 400 миң сом акча каражаты спорт залга бөлүндү. Аянты 49 сотыхты ээлеген жерге узуну 24 метр, туурасы 12 метр зал курулуп жатат. Октябрь айына карата курулуш аяктап калат», - деп кошумчалады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×