Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 24-сентябрь
Ош облусуКара-Суу району 27.08.2018 10:24 Жаңыланды: 27.08.2018 17:14 На русском

Кара-Сууда 2-класстын окуучусу токко урунуп каза болду. Ата-энеси жаңы үй куруп жаткан

Turmush -  Кара-Суу районунун Жаңы-Маданият айылында 2-класстын окуучусу электр тогуна урунуп каза болду. Бул тууралуу өздүк булактар билдирди.

Маалым болгондой, 26-август күнү кечки саат 20:00 чамасында окуучу бала ойноп жатканда кокустан электр тогун кармап алган. Аны жакындары Ош облустук балдар ооруканасына жеткиришкен. Ал эми дарыгерлер бала ооруканага жеткенге чейин каза болгонун айтышты.

Кийинчерээк Ош ОИИБ бул маалыматты тастыктап, окуя окуучу жашаган үйдө болгонун билдирди. Маалым болгондой, аталган үй-бүлө жаңы үй куруп жаткандыктан электр чубалгылары иретсиз чачылып жаткан. 2012-жылы туулган бала ойноп жатып, кокусунан электр тогун кармап алган.

Учурда тактоо, териштирүү иштери жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×