Бөлүмдөр
Ишемби, 15-декабрь
Ош облусу, Ош 01.09.2018 21:55

Айыл турмушу: Чек арачы М.Абдраева интернетте кыз-келиндерге ар кандай тамак-аштарды жасоону үйрөтүүдө (фото)

Turmush -  Ош шаарынын 35 жаштагы тургуну Махабат Абдраева кыз-келиндерге ар кандай тамак-аш жасоонун ыкмаларын үйрөтүүдө. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтмында, Кемин районунун Жол-Булак айылында чоңойгон. Кесиби боюнча биология сабагынан мугалим. Жолдошу аскер кызматкери болгондуктан, учурда өзү дагы аскер кызматкери. Акыркы 3 жылдан бери Ош шаарында жашап, иштеп жатышат.

«Аскер кызматкерлери дайыма бир жерде кызмат кылбагандыктан, туруктуу ишке орношуу кыйын болот. Аскер кызматкери болгонумдун себеби дагы ошол. Азыр бала менен декреттемин. Жолдошум өзү Чаткалдан болот.

Негизи жасаган тамактарымды сүрөткө тарткан адатым башынан бар эле. Курбу кыздар болуп бири-бирибизге жасаган тамактардын сүрөттөрүн жөнөтүп турчубуз. Кийин инстаграммдан өзүм үчүн баракча ачып, өзүмдүн сүрөттөрүмдү жана жасаган 1-2 тамактын сүрөтүн киргизип койгом. Ошол тамактардын жасалыш шартын сурап жазгандар көбөйдү. Аларды окуп көрүп, идея пайда болду. Билгендеримди кыз-келиндер менен бөлүшүп турам. Үйрөнгөн адамдардан жакшы сөз угуп, жүрөгүм жылып калат. Тыйындын эки тарабы болгондой жакшы дагы, жаман дагы пикирлер айтылат. Тийиштүүсүн кабыл алып, кемчиликтерди оңдоого аракет кылам. Тамак-аштарды интернет баракчаларынан көрүп жасайм. Кээде өзгөртүү киргизип, өзүмдүн фантазиямды колдоном. Кайын журтум жасаган тамактарымды мактап жешет. Өзгөчө кайын атам үйгө келген конокторго «бул салаттардын автору Махабат» деп айтып турат. Мактоо кимге гана жакпасын. Жолдошум дагы тамактангандан кийин бата кылып турарда рахматын айтып турат. Кээде сүрөткө, видеого тартам деп жатып, тамактарым муздап калган учурлар болот. Эң негизги пайдасы — көптөгөн курбуларды тапканга жетиштим», - деди ал.

Каарманыбыз мындан тышкары жаш балдарга баш кийимдерди токуйт.

«Аны да интернеттен үйрөндүм. Аларды кышында токуп сатып жүрдүм. Келечектеги максатым — балдарыма жакшы тарбия берүү», - деди ал.

Махабат айым 2 уул, 1 кыздын апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×