Кара-Кулжада күйдүргү оорусуна шектелген 12 адам ооруканадан чыкты

Turmush - Кара-Кулжада күйдүргү оорусуна шектелип ооруканага жаткырылган адамдар толук айыгып, ооруканадан чыгарылды. Бул тууралуу Кара-Кулжа аймактык ооруканасынан билдиришти.
Буга чейин маалымдалгандай, 6-август күнү Кара-Кулжа районунун Карагуз айыл өкмөтүнүн Алтын-Күрөк айылында бодо мал союлган. Кийинчерээк ошол эле Карагуз айыл өкмөтүнүн Калматай жана Кыз-Мазар айылдарынын 12 тургуну сибирь жарасы менен ооруган малдын этин жеген деп болжолдонуп, Кара-Кулжа аймактык ооруканасына жаткырылган. Алардын ичинен бешөөнүн териси күйдүргү экени лабораториялык жол менен тастыкталып, калгандарында клиникалык-эпидемиологиялык анализдин жыйынтыгы менен аныкталган.
Ал эми мал союлган жердеги анализдин жыйынтыгы оору бул жерден жукпаганын көрсөткөн.
Бейтаптар адистердин көзөмөлүндө болуп, дарылоо курсунан өткөндөн кийин ооруканадан чыгышты. Учурда алардын абалы жакшы.