Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 24-сентябрь
Ош облусуӨзгөн району 30.08.2018 13:31 Жаңыланды: 30.08.2018 18:44 На русском

Өзгөндө Россиядан келе жаткан унаа менен «Хонда Степвагон» кагышып, алардан качкан кичи автобус бакты сүздү (сүрөт)

Turmush -  Ош облусундагы Кара-Суу районунун Мады айылында жол кырсыгы катталды. Окуяга күбө болгондордун айтымында, кырсык бүгүн, 30-августта саат 12:00 чамасында Ош—Өзгөн унаа жолунда, тактап айтканда Мады айыл өкмөтүнүн кире беришинде болду. Окуядан кийин жаракат алган жүргүнчүлөрдү тез жардам кызматынын унаасы менен алып кетишкен.

Кийинчерээк ОИИБдин басма сөз кызматы бул кырсыктан 2 адам жеңил жаракат алганын билдирди.

Расмий маалыматта айтылгандай, Ош—Өзгөн жолунун 4-чакырымында Россиядан Ош шаарын көздөй бара жаткан «Дэу Матиз» үлгүсүндөгү автоунаанын дөңгөлөгү чыгып кеткен. Анын кесепетинен Оштон Бишкекти көздөй бара жаткан «Хонда Степвагон» үлгүсүндөгү унааны сүзгөн. Бул 2 унаадан качууга аракет кылган үчүнчү айдоочу «Мерседес-Банц Спринтер» унаасын жолдон буруп, даракты сүзүп токтогон. Бактыга жараша оор жаракат алгандар болгон жок.

Учурда 2 жабырлануучу дарыланып, Кара-Суу РИИБ текшерүү иштерин жүргүзүп жатат. Бул кырсыктан 3 унаа тең материалдык чыгымга учурады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×