Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 24-сентябрь
Ош облусуКара-Суу району 31.08.2018 12:36

Тажикстанга кеткен кара-суулук 7 өспүрүм спортчу 9 медаль менен кайтышты (сүрөт)

Turmush -  Кара-Суу районунун 17 жашка чейинки спортчулары эркин күрөш боюнча Тажикстанда өткөн эл аралык мелдештен 9 медаль менен кайтышты. Анын үчөө алтын, экөө күмүш жана төртөө коло байгелер.

Райондук спорт комитетинин төрагасы Заирбек Эшмаматовдун айтымында, өспүрүм спортчулар 27-29-август күндөрү Тажикстандын борбору болгон Душанбе шаарындагы эркин күрөш боюнча мелдешке катышкан.

«Кара-Суудан 7 спортчуну алардын машыктыруучусу Маруфжан Турдуев алып барып келди. 5 спортчу бирден медаль алууга жетишсе, экөө экиден медаль тагынды», - деди З.Эшмаматов.

Медаль алган спортчулардын тизмеси:

1. М.Инамжанов, 26 кг салмакта 1-орун, 29 кг чейинкилер арасында 3-орун;

2. Б.Шарип уулу, 38 кг салмакта 1-орун;

3. Д.Ахмедов, 55 кг салмакта жана 61 кг чейинкилер арасында 3-орун;

4. З.Апсаитов, 29 кг салмакта 1-орун;

5. А.Бахтияров, 45 кг салмакта 2-орун;

6. А.Юсупов, 41 кг салмакта 2-орун;

7. М.Розыев, 3-орун.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×