Бөлүмдөр
Ишемби, 17-ноябрь
Ош облусуКара-Суу району 01.09.2018 10:47

1 миллион сомдук байге: Кара-Сууда «Исмаил Матраимов» фонду волейбол мелдешин уюштурду (видео, сүрөт)

Turmush -  Эгемендик күнүн утурлай Кара-Суу районунун Жоош айыл аймагында Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын райондорунун арасында волейбол боюнча мелдеш болуп өттү, деп билдирди аймактык кабарчы.

Маалым болгондой, аталган мелдешти «Исмаил Матраимов» фонду уюштуруп, байгеге 1 миллион сом өлчөмүндөгү каражат коюлду. Спорт сүйүүчүлөрдүн коштоосунда өткөн мелдешке 40 жашка чейинки жана 40 жаштан жогорку курактагы волейбочулар катышып, жалпы 32 команда күч сынашты. Анын ичинен 16 команда 40 жашка чейинки курактагылар арасында оюн өткөрүшсө, калган 16 команда 40 жаштан жогорку курактагылар арасында оюн көрсөтүштү. «Исмаил Матраимов» фондунун негиздөөчүсү, төрагасы жана Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимовдун айтымында, мындай мелдештерди уюштуруунун максаты – аймактарда жаштар арасында спортту өнүктүрүү болуп саналат.

«Мына 2 жылдан бери түштүктөгү райондор арасында мелдеш уюштуруп келе жатабыз. Мындай мелдештер абдан кызыктуу болгондуктан, оюндарга Нарын, Ысык-Көл облустарынан да катышабыз дегендер болду. Кудай буюрса, кийинки жылы республикалык деңгээлде турнир өткөрүп калышыбыз мүмкүн деп ойлойм. Баарыңарга белгилүү болгондой, ушул мелдештерде мыкты оюн көрсөткөн айылдын эле балдары чет өлкөдөгү клубдарда оюн көрсөтүп жүрүшөт. Биздин максат – аймактарда спортту өнүктүрүү болуп саналат», - деди И.Матраимов.

Буга чейин «Исмаил Матраимов» фонду 7 жыл катары Кара-Суу районунда волейбол жана футбол боюнча айыл өкмөттөр аралык мелдештерди уюштуруп келген. Акыркы эки жылдан бери түштүк регионундагы райондор арасында мелдештерди өткөрүүдө. Мындай чоң мелдештерди ынтызаарлык менен күткөн күйөрмандар да арбын. Алардын бири – Ала-Бука районунан келген Жумабек Султаев уюштуруучуларга ыраазычылыгын билдирди.

«Мен волейбол оюнунун фанатымын. Өзүм Бишкекте жашаганым менен мындай чоң мелдештерди калтырбай, ар дайым күбө болууга аракет кылам. Мен билгенден бир нече жылдан бери "Исмаил Матраимов" фонду спортчуларды колдоп, ушундай маанидеги мелдештерди уюштуруп келет. Спортчуларды колдогону үчүн, спорт сүйүүчүлөргө кызыктуу оюн уюштуруп бергени үчүн Матраимовдордун үй-бүлөсүнө ыраазычылыгымды билдирем», - деди Ж.Сулаев.

Фонд спорттук оюндардан сырткары кайрымдуулук иштерин да четте калтырган эмес. Жалпылап айтканда, «Исмаил Матраимов» фонду аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарынын акысыз жогорку билим алуусуна шарт түзүп келет.

«Фонддун түзүлгөнүнө 7 жыл болду. Бул жылдар аралыгында аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарынын жогорку окуу жайларда акысыз билим алуусуна жардам берип келебиз. Албетте, "Ааламга жол айылдан башталат" дейт кыргызда, андыктан айылдагы жаштарды көтөрсөк, алар эртеңки келечегибизди бекемдеп берет», - деди И.Матраимов.

Волейбол боюнча мелдештин жыйынтыгында 40 жашка чейинкилер арасында өткөн беттеште Кадамжай районунун командасы биринчи орунду жеңип, 250 миң сом акчалай сыйлык менен сыйланышты. Ал эми экинчи орунду Өзгөн районунун командасы ээлеп, 150 миң сом алышты. 3-орунга Ноокат районунун командасы татыктуу болуп, 70 миң сом менен сыйланышты. 4-орунду Аксы районунун командасы жеңип, 40 миң сом акча менен сыйланды. Ал эми 40 жаштан жогорку курактагылар арасындагы беттеште биринчи орунду Ноокат районунун командасы жеңип алып, 120 миң сомго ээ болушту. Сузак районунун командасы 2-орунду алып, 70 миң сом акчага ээ болушту. 3-орунду ээлеген Кадамжай командасы 40 миң сом акчалай сыйлык алышты. 4-орунга Ала-Бука районунун командасы татыктуу болуп, 30 миң сом акчалай сыйлык менен сыйланышты. Ага улай эле калыстар тобу жана мыкты оюн көрсөткөн оюнчулар да акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×