Бөлүмдөр
Ишемби, 17-ноябрь
Ош облусуАлай району 01.09.2018 12:30

Эгемендүүлүк күнү: Алайда спорттун 6 түрү боюнча мелдештер өткөрүлдү (сүрөт)

Turmush -  Алай районунда Эгемендүүлүк майрамы чоң салтанат менен белгиленди.

Аймактык кабарчы билдиргендей, майрамдык салтанатты Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысы Алтынбек Болбур уулу ачты. Андан кийин Алай районунун акими Илияз Ташкулов борбордук стадионго чогулган элди Эгемендүүлүк майрамы менен куттуктады. Райондогу ардагерлер кеңешинин төрагасы Жаркынбай ажы Момунов да элди куттуктап, ар дайым жергебизде тынчтык, биримдик, ынтымак болушун тилек кылды.

Майрамдык иш-чаранын алкагында спорттун алты түрү боюнча мелдештер өткөрүлүп, жыйынтыгында жеңүүчүлөр демөөрчү тарабынан 100 миң сомдук акчалай сыйлык менен сыйланышты. Мындан сырткары спорттук оюндарды өткөрүүгө Гүлчө айыл өкмөтү тарабынан 30 миң сомго жакын акча каражаты бөлүндү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×