Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-октябрь
Ош облусу, Ош 01.09.2018 14:07

Айыл турмушу: Ата кесибин аркалаган Н.Маматаиров темир устачылыкты уулдарына да үйрөттү (видео, сүрөт)

Turmush -  Ош шаарындагы атактуу темир уста Насиржан Маматаиров пенсия курагында болсо да устачылык өнөрдү улантып келет. Ал буга чейин темирден үйгө керектүү миздүү шаймандарды жасап келсе, учурда аларды курчутуу менен алек. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Ата кесибин аркалаган Нарсиржан Маматаиров бул өнөрдү уулуна да үйрөткөн.

«Темир иштетүү биздин ата-бабаларыбыздан бери келе жатат. Менин балдарым дагы жаш кезинен мага жардамдашып жүрүп, бул өнөрдү үйрөнүп алышкан. Учурда уулум экөөбүз миздүү шаймандарды курчутуп иштеп келебиз. Жашың өткөн сайын, ал-күчтөн кете баштайт экенсиң. Мындан улам учурда курчутуу менен гана алектенип жатам. Ушул кесиптин артынан үй-бүлөмдү бактым. Эгер неберем дагы аталган кесипти тандаса, менин ага каршылыгым жок», - деди Маматаиров.

Төрт мезгилдин баарына керектелүүчү буюмдарды жасаган устанын иши үзгүлтүккө учурабайт.

«Тиричиликке керектелүүчү буюмдар мезгил-мезгили менен колдонулуп турат. Жазында дыйкандар үчүн талаага керектелүүчү шаймандарды курчутсак, жайында чөп чапканга чалгы, орокторду курчутабыз. Уулум жеңил темирден түрдүү тиричилик буюмдарын жасайт. Биздин устаканадан ар бир келген кардар өзүнө керектүү буюмдарды таба алышат. Күзүндө курулуш иштери үчүн же кышка отун камдоого балта, теше, араларды да сатып алса болот», - деди ал.

Насиржан мырзанын жасаган буюмдарын пайдаланган кардарлар дайыма анын устаканасына келип турушат. Сапаттуулугуна өзгөчө көңүл бурган уста ар бир келген кардарын кайдыгер калтырбайт.

Насиржан Маматаиров 63 жашта, 2 уул жана 1 кыздын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×