Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 24-сентябрь
Ош облусуӨзгөн району 04.09.2018 08:56 Жаңыланды: 04.09.2018 11:16 На русском

Өзгөндө кароосуз калган тарыхый жайларды «Сулайман-Тоо» музейине өткөрүүнү сунушташты

Turmush -  Ош шаарындагы «Сулайман-Тоо» улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексинин башкы директору Султанбек Абдыракманов Өзгөн шаарындагы тарыхый жайларды улуттук тарыхый-археологиялык музейге кошуу демилгесин көтөрүп чыкты. Анын айтымында, демилгенин башкы максаты — тарыхый имараттарды оңдоп-түзөө, сактап калуу жана туризмди өнүктүрүү болуп саналат.

«Бул жайлар келечекте туризмдин борборуна айлана турган байыркы тарыхый жай болуп саналат. Ош шаарындагы XI кылымдарга таандык Имам Сарахсинин мүрзөсү жана Дөң-Булак айыл өкмөтүндөгү Бахмал тарыхый археологиялык жайынын жалпы аянты 17 чарчы метр. Ал эми Төрт-Көл айыл өкмөтүндөгү Шоро-Башат шаар чалдыбарынын аянты болжол менен 15 чарчы метрди түзөт. Булар Өзгөндөгү эң байыркы археологиялык тарыхый жайлар. Менин максатым бул жерлерди жалпы мамлекеттик баалуулук катары оңдоп-түзөп, элге жеткирүү. Ошону менен бирге Өзгөн мунарасындагы эки кабаттуу музейди да оңдоп-түзөө зарыл. Тарыхый жерлерибизди ар дайым таза сактап, бизден кийинки муундарга өткөрүп берүү ар бирибиздин атуулдук милдетибиз.

Эгерде Өзгөн районундагы тарыхый жерлер "Сулайман-Тоо" музейинин карамагына өтсө, анда тарыхый археологиялык баалуу жай катары кароого алынат», - дейт Султанбек Абдыракманов.

Өзгөн шаардык археологиялык музей комплексинин башчысы Авазбек Турсунбаев буга чейин да шаардагы тарыхый жерлерди оңдоп-түзөө жүргүзүлгөнүн айтты.

«Кароосуз калган жайларды тарыхын жакшы билген тараптар, жергиликтүү тургундар кароого алышы керек. Түркия элчилиги тарабынан Имам Сарахсинин мүрзөсү оңдоп-түзөөдөн өттү. Учурда долбоордун үчтөн бир бөлүгү бүттү десем болот. Бул жерге Имам Сарахсинин мечити жана китепкана курулат. Курулуш иштери бүткөндөн кийин Түркия элчилиги жана “Сулайман-Тоо” улуттук тарыхый археологиялык музей комплексинин директору, тарыхый жайлар жайгашкан айыл өкмөттүн башчылары, Өзгөн районунун акими, Ош шаарынын мэри менен бирге кароосуз калган тарыхый жайларды "Сулайман-Тоо" музейинин карамагына өткөрүү боюнча сүйлөшүү жүргүзүлөт», - деди Авазбек Турсунбеков.

Өзгөн районунун акиминин орун басары Болот Дыйканбаев тарыхый имараттарды сактап калуучулар — булар тарыхчылар менен изилдөөчүлөр, деп кошумчалады.

«Ушундай тарыхый археологиялык жерлерди сактап калуу максатындагы демилгени биз да колдоп, жардам беребиз. Бул жердеги тарыхый жерлерди тазалап, айланасын тосуп, заман талабына жооп бере турган көрктүү тарыхый жайга айлантабыз», - деди Б.Дыйканбаев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×