Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-октябрь
Ош облусу, Ош 05.09.2018 13:30 Жаңыланды: 05.09.2018 18:53

14 жашынан бери кыздар менен ырчылардын чачын жасалгалаган Жаныбектин жумушундагы кызыктар (сүрөт)

Turmush -  18 жаштагы чачтарач Жаныбек Искендер уулу Ош шаарындагы белгилүү сулуулук салондордун биринде эмгектенет. Ал Ош шаарындагы Ишкаван айылынын тургуну. Бул кесипке мындан 4 жыл мурун, тактап айтканда 14 жашында аралашкан.

Жаныбек жумушу жана андагы кызыктуу окуялар тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысына айтып берди.

«Алгачкы чач жасалгаларым өзбек стилиндеги чач жасалгаларга окшошуп калчу. Жаш болгондуктан кооздукка кызыкчу окшойм. Бара-бара тажрыйба алмашуу үчүн Москва, Астана шаарларына барып келдим. Анын жыйынтыгында адамдардын бет түзүлүшүнө, кийимине жараша чачтарын жасалгалап калдым.

Ал эми эркектердин чач жасалгасы кызыксыз жана акчасы аз. Аялдардын узун чачтарын түрлөп жасагандан рахат аласың», - деди Жаныбек.

Анын айтымында, чач жасалганын кооз болушу кардардын пейилине, мүнөзүнө да жараша болот. Күлүп келген кардардын чач жасалгасы тез жана кооз бүткөнүн байкайт. Ал эми мүнөзү оор адамдардын чачын да жасоо кыйын.

«Иш учурунда түрдүү мүнөздөгү адамдарды көрүп, аялдарга түшүнүү кыйын экенин билдим. Кээ бири чачын жууп келет, кээ бири майланышып жуубай келишет (күлүп). Мындай учурда чачты жууганга туура келет.

Бир ирет жаш келин сүннөт тойго барам деп чачын жасатып кеткен. Бирок бир жумадан кийин "чачым бош түйүлүп, жазылып кетти" деп акчасын талап кылды. Мүнөзүн көрүп, акчасын кайтарып бергенбиз. Ал эми турмушка чыга турган кыздарды той күнү жасантуу өзгөчө кызыктуу. Кардарлардын маанайы жок болсо, көңүлүн көтөрүп узатам. Айрым келиндердин күйөөлөрү кызганып, жинденген учурлар да болот», - деди Жаныбек Искендер уулу.

Жаныбек жакындарынын чачын жасалгалоодон баш тартат.

«Ушул убакка чейин апамдын чачын эки жолу гана жасап бергем. Тапкан акчамдын өзүмдөн ашканын ата-энеме берем.

Кыргыз эстрада ырчыларынын да чачын жасалгалайм, алар менен иштешүү шаңдуу, кызыктуу. Азыр жашмын, 25 жаштан өткөн соң сулуулук салон ачуу максатым бар», - деди Жаныбек.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×