Бөлүмдөр
Ишемби, 17-ноябрь
Ош облусуКара-Суу району 07.09.2018 10:18 Жаңыланды: 07.09.2018 12:40 На русском

Видео: Кара-Суудагы жер алдындагы өтмөк качан курулуп бүтөт?

Turmush -  Кара-Суу районунун Сарай айыл аймагындагы борбордук базардын жанындагы жер алдынан өтүүчү өтмөктүн курулуш иштери кечеңдеп жатат. Курулуш иштеринин кечеңдешине жергиликтүүлөр нааразы болууда.

Ошондой эле бул көрүнүш базарда соода кылган сатуучулар менен кардарларга да ыңгайсыздыктарды жаратат.

Өтмөктүн курулуш иштери 2018-жылдын март айында жолдогу тыгынды алдын алуу максатында жана Аймактарды өнүктүрүү жылына карата башталып, август айында пайдаланууга берүү пландалган. Ага жергиликтүү бюджеттен 28 млн сом каралган болчу.

«Туратали» базарында 10 жылдан ашуун убакыттан бери соода-сатык менен алектенген Акбермет Токтосунова өтмөктүн курулуш иштери тезирээк бүтүшүн каалайт. Анткени базарга кирип-чыгууда ыңгайсыздыктар жаралып жатат.

«Жер астынан өтүүчү өтмөктүн курулуп жатканы абдан жакшы иш. Бирок азыр курулуш иштери солгундай түшкөндөй. Өтмөктүн курулушу узакка созулса бизге кыйын болот. Анткени биздин базарга ошол жол аркылуу көп кардарлар келет», - деди А.Токтосунова.

Базардагы соодагерлердин көпчүлүгү соода иштеринин солгундашын өтмөктүн курулушу менен байланыштырышат. Анткени сентябрь жана октябрь айларында базарга соода кылуучулар көп келет.

Өзбекстандын чек арасы ачылгандан бери Кара-Суу базарындагы соода кызыган. Бирок өтмөктүн курулушунун кечеңдеши соода кылганы келген өзбекстандыктарга да кыйынчылык жаратат. 5 жылдан бери соода кылган Байышбек Камалбаев да өтмөктүн тезирээк бүтүшүн каалайт.

«Бул жерде соодагерлер айтып жаткандай, Өзбекстандын чек арасы ачылгандан бери биздин базарга соода кылганы келгендер да бир топко арбыды. Бирок өтмөктүн курулушунун кечеңдеши баарыбызды эле түйшүккө салды. Тезирээк бүтүп калса жакшы болот эле», - деди Б.Камалбаев.

Ал эми Сарай айыл өкмөтүнүн башчысы Замирбек Турганбаев курулуш иштери улантылып жатканын белгилеп, убакыттын узарганын топурактын борпоңдугу менен түшүндүрдү.

«Курулуш иштери токтобой эле кызуу жүрүп жаткан кези. Өтмөктү куруу убагында интернет кабелдери чыгып калып, топурак борпоң болуп, курулуш иштери 10-15 күнгө кечеңдеп кетти. Эгер ушул иштер аткарылып бүтсө өтмөктү ушул айдын аягында пайдаланууга беребиз», - деди З.Турганбаев.

Бул өтмөктүн узундугу 22 метр, ал эми туурасы 16 метрге жетет. Ал эми курулушту «Суу транс» жоопкерчилиги чектелген коому жүргүзүүдө.

Буга чейин өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Узарбек Жылкыбаев Кара-Суу району менен таанышуу учурунда ушул өтмөктүн курулуш иштерин да көргөн. Анда Сарай айыл өкмөтүнүн башчысы өтмөктүн курулушунун 95 пайызы бүткөнүн айткан эле. Ошол эле учурда өтмөк пандусу жок курулуп жатканы маалым болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×