Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-ноябрь
Ош облусуКара-Суу району 07.09.2018 13:11 Жаңыланды: 07.09.2018 14:43 На русском

Сүрөт, видео — Кара-Сууда 25 жаштагы жигитти сабап кетишти. Мушташ ооруканада уланганбы?

Turmush -  Кара-Сууда 25 жаштагы жигитти топ балдар сабап кетишти. Бул тууралуу жабырлануучунун апасы Хандалат Тотонова кабарчыга билдирген.

Анын айтымында, 25 жаштагы Э.Бакай футбол оюнунан кийин достору менен суу алуу үчүн дүкөнгө бара жатканда көчөдө жүргөн топ балдар тийишкен.

«Балама белгисиз жигиттер "сенин көз карашың жаман го" деп тийишиптир. Балам аларды мас экен деп ойлоп, унчукпастан дүкөнгө суу алганы кирип кеткен. Дүкөндөн чыкса ал балдар күтүп турушуптур. Койгула дегенине болбой, уят сөздөр менен сөгүнүп, баламды сабап салышкан. Ал эми баламдын жанындагы шериктери качууга үлгүрүшкөн. Бирок алардын унаасын талкалап салышкан.

Менин уулум акыл-эсин жоготуп, бөйрөктөрү эзилип, кабыргалары сынып жатканда көчөдөгү бейтааныш адамдар Кара-Суу райондук ооруканасынын травматология бөлүмүнө таштап кетиптир. Кол салгандар баламдын ооруканага түшкөнүн угуп, аны ооруканадан да сабап кетишкен. Окуяга күбө болгондор милиция кызматкерлерин чакырса 1 сааттан кийин барышкан.

Кол салгандардын бири милиция кызматкеринин баласы болгондуктан тиешелүү чара көрүлгөн эмес», - деди Х.Тотонова.

Алдын ала маалыматтар боюнча, окуя 6-сентябрга караган түнү болгон. Ал эми Кара-Суу райондук ооруканасынын өкүлдөрү эки тарап көчөдө мушташканын билдирип, оорукананын ичинде уруш болгонун жокко чыгарууда.

Ош ОИИБдин расмий маалыматы боюнча, жабыркаган жигит буга чейин 4 досу менен бирге милициянын уулун сабап кетишкен. Анда токмоктолгон жигит досторун чогултуп барып, кайра ал төртөөнү токмоктоп кеткен. Бул эки окуя денеге залал келтирүү боюнча арыздын негизинде Кара-Суу РИИБде каттоого алынган.

Учурда милиционердин уулу жана экинчи тараптагы 4 жигит ооруканада жатышат. Окуянын чоо-жайын териштирүү иштерин Кара-Суу РИИБдин кызматкерлери улантууда.

Ал эми эки тараптын чырына дүкөндөгү жөөлөшү себеп болушу мүмкүн.


Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×