Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 24-сентябрь
Ош облусуКара-Суу району 09.09.2018 16:44

Түштүк Корея Кыргызстанга тик учак бериши мүмкүн

Turmush -  Түштүк Корея мамлекети Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине акысыз 1 тик учак бериши мүмкүн. Тик учак келип калса тоолуу аймактарда табигый кырсыктардан жабыркаган адамдарга тез убакытта жардам көрсөтүүгө мүмкүнчүлүктөр түзүлөт.

Мындай маалыматты өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедов бүгүн, 9-сентябрда Кара-Суу районунун Кара-Суу шаарында кырсыктардын тобокелин азайтуу боюнча иш-чаранын жүрүшүндө билдирди.

Кара-Суудагы жолугушуу

Анын маалыматы боюнча, бүгүнкү күндө Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин карамагындагы 1 тик учак оңдоого муктаж. Бирок ага министрликтин акчасы жетпейт.

«Буга чейин тик учак сатып алуу боюнча маселе көтөрүлгөн. Бизде чындыгында тик учак жетишпейт. Бирок бюджетте акча жоктугуна байланыштуу бул маселе чечилген эмес. Бүгүнкү күндө өзүбүздүн карамагыбызда 1 тик учагыбыз бар. Аны оңдоого 230 млн сом сарпталат экен. Мындай акча бюджетте жок болгондуктан жеке фирманын тик учагын колдонуп келебиз.

Азыркы күндө Түштүк Корея мамлекети бизге тик учакты гранттык негизде берүүнү пландап жатат. Эгер ал тик учак келип калса, тоолуу аймактарда табигый кырсыктан жабыркаган жарандарыбызга жардамдар көрсөтүлөт», - деди Н.Мирзахмедов.

Буга чейин Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин карамагындагы тик учак оңдоого муктаж экени айтылып келген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×