Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 24-сентябрь
Ош облусуКара-Суу району 11.09.2018 12:42

Денеси асылып турган: Прокурордун орун басары Төрө Кожошевдин туугандары экспертизадан баш тартышты

Turmush -  Ош облусунун прокурорунун орун басары Төрө Кожошев бүгүн, 11-сентябрда кичи мекени — Кара-Суудагы Жаңы-Арык айыл өкмөтүнүн Таш-Арык айылында атасынын үйүнөн акыркы сапарга узатылды. Анын асылып турган денеси 10-сентябрда эртең менен өзүнүн Кара-Суу районуна караштуу Шарк айыл аймагынын Медресе айылындагы Алиханов көчөсүндө жайгашкан үйүнөн табылган.

Туугандары денени соттук-медициналык экспертизадан өткөрүүдөн баш тартышканын Ош ОИИБден тастыкташты. Маалым болгондой, учурда Ош ОИИБ тарабынан Т.Кожошевдин өлүмүнө байланыштуу текшерүү иштери жүрүп жатат.

Төрө Кожошев

Т.Кожошев жашаган көчөнүн башчысы Нуралы Зулпукааровдун айтымында, прокурордун орун басарынын денеси өз үйүндө асылып турган жерден табылган.

«Мени милиция кызматкерлери "кошунаң асынып алыптыр" деп чакырышты. Милиция кызматкерлери менен бирге барып, анын мойнунда жиптин изи бар экенин өз көзүм менен көрдүм. Милиция кызматкерлери маркумду сүрөткө тарталы деди эле, туугандары макул болгон жок», - деди Н.Зулпукааров.

Ал эми маркум асынып каза болгонуна жакын досу Калил Ташиев ишенбейт.

«Мен досум кайсыл жакка жетекчи болуп барса ар дайым куттуктап турчу элем. Каза болгонун укканда дароо келдим», - деди ал.

54 жаштагы Төрө Кожошевдин артында 5 уул, 1 кызы калды.

Окуя болгон жерден сүрөттөр:

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×