Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-ноябрь
Ош облусуЧоң-Алай району 13.09.2018 09:36 На русском

1-октябрдан тарта үй-бүлөлүк дарыгерлер менен медайымдардын эмгек акысы жогорулайт, - өкмөт башчы

Turmush -  2018-жылдын 1-октябрынан тарта Кыргызстандагы үй-бүлөлүк дарыгерлердин, медайымдардын жана фельдшердик-акушердик пункттардын орто медициналык кызматерлеринин айлык акысы жогорулатылат. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 12-сентябрда Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Карамык жана Жекенди айылдарындагы эки оорукананын ачылыш салтанатында билдирди.

Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, салтанатты ачууда премьер-министр жергиликтүү тургундарга президент Сооронбай Жээнбековдун куттуктоосун окуп берди.

«Бир жыл мурда бул жерде болгон жер силкинүүдөн улам бир катар социалдык объектилер жана турак жайлар жабыркаган. Биз жалпыбыз жаратылыш кырсыгынын кесепеттерин жоюу менен алектенип, көмөк көрсөтүү иштерин пландаштырганыбыз эсимде. Бул жөнөкөй эмес милдет болуп туюлганы менен, биз жабыркаган объектилерди калыбына келтирүү боюнча масштабдуу иштерди аткардык. Элибиздин биримдигине, экономиканын туруктуулугуна жана жарандардын жалпы иш-аракетине жараша бүгүнкү күндө бардык объектилердин курулушу жыйынтыкталды», - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Премьер-министр жабыркаган райондордун тургундарына чыдамкайлыгы жана мамлекетке көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык билдирди.

«Жаңы ооруканалар – бул тийиштүү жабдуулар жана дары-дармектер менен жабдылган заманбап медициналык мекемелер», - деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

Ошондой эле жергиликтүү дарыгерлер сапаттуу алгачкы медициналык көмөк көрсөтүү маселесине өзгөчө көңүл буруусу тийиштигин кошумчалады. Өкмөт башчы билдиргендей, бүгүнкү күнү республика боюнча 400дөн ашуун ар түрдүү объектилер курулуп жатат.

«Бул объектилердин көбү жыл аягына чейин бүткөрүлөт, айрымдарын биз келерки жылы аяктайбыз. Мен, премьер-министр катары 3 жылдын ичинде өлкө боюнча бардык объектилердин курулушун аяктоо милдетин коем. Бардык пландарыбызды ишке ашырабыз деп ишенем, анткени коомдо ынтымак жана биримдик бар, ал эми экономика туруктуу жана бардык тармактарда өсүү көрсөткүчтөрү бар», - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Андан соң премьер-министр эки оорукананын дарыгерлеринин иш бөлмөлөрүн жана палаталарын көрүп чыгып, дарыгерлер жана медициналык кызматкерлер менен маектешип, алар менен эмгек жана тиричилик шарттарын, ошондой эле алдыдагы эмгек акысын жогорулатуу маселесин талкуулашты.

Ар бири 15 орунга эсептелген бул медициналык мекемелердин курулушу 2017-жылы башталган. Карамык айылындагы медициналык мекеменин курулушуна 35 млн сом, ал эми Жекенди айылындагы ооруканага 39 млн сомдун тегерегиндеги каражат республикалык бюджеттен берилди. Ооруканалар зарыл жабдуулар менен да жабдылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×