Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 24-сентябрь
Ош облусу, Ош 13.09.2018 18:40

Ошто «Адам сатууга каршы 100 күн» акциясы башталды

Turmush -  «Адам сатууга каршы 100 күн» акциясынын башкы максаты — адамдарды сатууга каршы күрөшүү жана анын алдын алуу.

Бул иш-чара Ошто башталып, өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Байыш Юсупов адам сатуу көйгөйлүү маселелердин бири экенин белгиледи.

«Биздин өкүлчүлүктүн аппаратында бул маселе тууралуу өзүбүздүн иш-чараларыбыз бар. Кабыл алынган мыйзам чегинде адам сатууга каршы бир топ иштерди өткөргөнбүз. Бирок тилекке каршы бул өтө көйгөйлүү маселе бойдон калууда. Ошого карабастан Кыргызстан башка өлкөлөргө салыштырмалуу активдүү күрөшүп келет. Айта кетчү маалымат, Борбор Азиядагы өлкөлөр арасында жалгыз биздин мамлекет Европа биримдигине кошулуп, ушул багытта иш алып барууда. Жер-жерлерде кеңештер түзүлүп, ушул жаатта иш-чаралар өткөрүлүп жатат. Биздин күч органдар тарабынан да адам сатуу боюнча үч адамга кылмыш иши козголуп, жазага тартылганы белгилүү болду», - деди Б.Юсупов.

Анын айтымында, «Адам сатууга каршы 100 күн» акциясы ушул жылдын 10-сентябрынан 12-декабрга чейин өлкөнүн бардык аймактарында жүргүзүлөт.

«Чет өлкөгө мигрант болуп чыгып бараткан жарандарыбыз бизге кайрылышса маалымат берет элек. Тилекке каршы канча адам кандай жумушка кеткени, ким алып баратканы бизге белгисиз болуп калууда. Ушундай жыйындарга катышып, өзүнө керектүү маалыматтарды алышса жакшы болмок.

Башка өлкөлөргө мигрант болуп бараткан жарандарыбыз тиешелүү органдарга кайрылып, ошол мамлекеттеги жумуш орду, мыйзамы жөнүндө кошумча маалыматтарды алса болот. Ошондо гана жарандар биздин көзөмөлдө турмак», - деди Б.Юсупов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×