Бөлүмдөр
Ишемби, 17-ноябрь
Ош облусуКара-Суу району 13.09.2018 11:10 Жаңыланды: 13.09.2018 11:36 На русском

Сүрөт. Кылмыштуу топтун мүчөсүнүн иниси жашаган үйдөн ок атуучу куралдар табылды

Turmush -  Кара-Суу районунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсүнүн иниси жашыруун курал сактап жүргөнү аныкталды. Уурдалган жана тартып алынган ок атуучу куралдарды мыйзамсыз сактаган жарандарды аныктоонун алкагында 11-сентябрь күнү Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери Кара-Суу районунун аймагында текшерүү жүргүзгөн.

ШИИБдин билдирүүсү боюнча, анын алкагында 1986-жылы туулган М.Р. жашаган үйдѳн жыгач үкөккө салынып, атайын кѳмүлгөн куралдар — АК-74 үлгүсүндѳгү Калашников автоматы, КО-8,2 үлгүсүндѳгү сайлуу мылтык, 29 даана 7,62 үлгүсүндѳгү Калашников автоматынын октору, 7,62 калибриндеги 360 даана ок, сигнал берүүчү тапанча, дүрбү жана башка буюмдар алынган. Бул окуя боюнча Ош ШИИБдин тергѳѳ кызматы тарабынан КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 245-беренеси менен кылмыш иши козголуп, тергѳѳ иштери жүрүп жатат жана алынган куралдарга тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Куралдар табылган үйдүн ээси — 32 жаштагы М.Р. убактылуу кармоочу жайга камакка алынды. Алгачкы тергөөлөрдө ал уюшулган кылмыштуу топтун мүчѳсү, учурда каракчылык менен айыпталып тергѳѳ изоляторунда отурган 34 жаштагы Н.Р. аттуу шектүүнүн бир тууган иниси экени аныкталды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×