Бөлүмдөр
Ишемби, 17-ноябрь
Ош облусуКара-Суу району 13.09.2018 11:45

Жоош айыл өкмөтү таза суу менен 85% камсыз болду

Turmush -  Кара-Суу районунун Жоош айыл аймагы таза суу менен 85 пайызга камсыз болду. Айыл өкмөттүн башчысы Жылдызбек Тилебаевдин айтымында, жыл башынан бери бир нече айылдарда суу түтүктөрүн орнотуу иштери жүрүп жатат.

«Былтыр да бир нече айылдарга таза суу түтүктөрүн тартканбыз. Быйылкы жылы Кайрат, Маданият, Питомник, Акжар, Бирдик, Большевик айылдарына таза суу түтүктөрү орнотулду. Мисалы, Кайрат айылына 2-3 км узундуктагы түтүктөрдү тартып, таза суу чыгардык. Маданият айылына былтыр 8,5 км алыстан түтүктөрдү тартып, суу чыгарганбыз. Большевик айылына 2,2 км алыстан суу чыгарылып жатат», - деди Ж.Тилебаев.

Калкты таза суу менен камсыз кылуу иштеринин жүрүшүндө суу түтүктөрүн алуу жана орнотуудагы 4 млн сомдук чыгымдын жарымы жергиликтүү бюджеттен каржыланса, жарымын эл чыгарды.

Буга чейин өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Узарбек Жылкыбаев Кара-Суу району менен таанышкан учурда жергиликтүүлөр таза суу маселеси чечиле элек айылдар бар экенин айтышкан. Анда райондогу айрым айылдар 2018-жылдагы «Таза суу» долбооруна кирбей калганына нааразы экенин билдиришкен эле.

Жоош айыл өкмөтүнүн курамында 13 айыл бар. Анда 28 миң калк жашайт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×