Бөлүмдөр
Ишемби, 17-ноябрь
Ош облусуНоокат району 13.09.2018 15:25

Беш-Буркан айылындагы мектептин 4 жыл мурун курулуп баштаган жаңы имараты ачылды (сүрөт)

Turmush -  Бүгүн, 13-сентябрда Ноокат районунун Ынтымак айыл өкмөтүндөгү Беш-Буркан айылында мектептин жаңы имараты колдонууга берилип жатат. Беш-Буркан атындагы орто мектептин имаратын куруу иштери 2014-жылы башталып, быйыл толугу менен бүткөрүлгөн.

Мектептин директору Чынара Бердаеванын айтымында, имараттын жалпы чыгымы 56 млн сомду түздү.

«Эки кабаттуу имаратта ашкана, спорт зал, медайымдын бөлмөсү да бар. Республикалык бюджеттен каражат жарым-жартылай бөлүнүп отуруп, курулуш кеч бүтүп калды. Мектепте жалпы 476 окуучу бар. Ушул убакка чейин курулганына 50 жыл болгон авариялык абалдагы имаратта окуп жаттык», - деди Чынара Бердаева.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×