Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 24-сентябрь
Ош облусу, Ош 13.09.2018 12:57 Жаңыланды: 13.09.2018 13:37 На русском

Маркумду көмүүдөгү ысырапкерчилик. Сузактык Б.Андарбеков кыркылык, жылдыктар тойдон кем калбай өтүп жатканына нааразы (видео)

Turmush -  Жалал-Абаддын Сузак районунда маркумду акыркы сапарга узатууда, кырк күндүк, жылдык өткөрүүдө ысырапкерчилик көбөйүп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 13-сентябрда АКИпресс-Ошто өткөн маалымат жыйында Сузактагы Таштак айылынын тургуну Базарбек Андарбеков айтты.

Базарбек Андарбеков

Базарбек Андарбеков буга чейин имамдарга, Жалал-Абад облустук казыятына кайрылган. Бирок ушул убакка чейин жыйынтык чыкпаганын айтууда.

«10 жылдан бери ысырапкерчилик боюнча казыяттан айтылып, түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөнү менен молдолор өздөрү тыйылбай жатат. Молдолор дуба кылганда, дасторкону кенен, толо болуптур, сообу да көп болот деп дуба кылып жатышат. Өздөрү баш болуп баштык көтөрүп кетишет. Казыятка барсам уккулары да келбеди», - деди ал.

Анын айтымында, маркумду көмүүдө эң аз 200 миң сом чыгым коротулат.

«Өзүмдүн апам каза болгондо элден кем калбай аш өткөрдүм. Бирок балдарыма "мен каза болсом аш өткөрбөгүлө" деп айтып жатам. Кара мал союу, дасторкон толтуруу, чыгып бараткандагы баштык берүү — бул адам өлгөндөгү гана чыгымдар. Ал эми кырк күндүк, жылдыктар тойдон кем калбай өтүп жатат. Кырк күндүк, жылдыкта кийит кийгизүү дагы бар», - деди Базарбек Андарбеков.

Ал эми бул ысырапкерчиликти жоюу сунушун айылдын аксакалдарына айтканда, алар ата салтта аш берүү бар экенин айтышкан.

«Адам өлгөн жерден тамак жегенге болбойт деп аксакалдарга айтсам, алар мени жаман көрүшөт. Айылыбызда бир гана Чубак ажы 3 күн аза күттү. Калган айылдын тургундары кара мал союуда бири-биринен өтүп атаандашып жатышат», - деди Базарбек Андарбеков.

Ал эми Ош облусунун казысы Самидин кары Атабаевдин айтымында, динде маркумга кырк күндүк, жылдык өткөрүү тууралуу айтылган эмес.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×