Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 24-сентябрь
Ош облусу, Ош 13.09.2018 14:55

Ошто автобус менен троллейбустарга акы төлөө автоматташтырылат

Turmush -  Октябрь айынан тарта Ош шаарындагы коомдук унааларга жол кире автоматтык нигизде төлөнө баштайт. Бул тууралуу мэриянын жеке турак жай, курулушту өнүктүрүү, инвестиция жана инновация бөлүмүнүн директору Кутманалы Абдырахман уулу билдирди.

Анын айтымында, бул система автобус жана троллейбустарда киргизилип, жүргүнчүлөргө ыңгайлуу шарттарды түзүү максатын көздөйт.

«Ош шаарындагы автобус жана троллейбустарда жол акы төлөө автоматташтырылат. Анын негизинде жүргүнчүлөргө 3 түрдөгү карта китеп сатылат. Алар — жалпы жарандарга, жеңилдик алган жарандарга жана пенсионерлерге. Ал карталарга жүргүнчүлөр каражат салып турат. Картаны бир жолу сатып алгандан кийин каражат салып, автоматтык негизде жол кире төлөй берет», - деди К.Абдырахман уулу.

Учурда Ош шаарында автобустарга жол кире 8 сом болсо, троллейбустарда 6 сом алынат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×