Бөлүмдөр
Ишемби, 17-ноябрь
Ош облусу, Ош 14.09.2018 01:37 На русском

Ошто ортопедиялык оорудан жабыркагандар үчүн протездин 17 түрү жасалат (сүрөт)

Turmush -  Акыркы жылдары тубаса ортопедиялык оору менен жабыркаган жаш балдардын саны өскөнү байкалат. Бул ооруга байланыштуу көйгөйлөр тууралуу республикалык протездик ортопедиялык буюмдар мекемесинин Оштогу филиалынын директору Абдулхаким Тажибаев айтып берди.

«Биз атайын статистикалык изилдөө жүргүзгөн эмеспиз. Бирок бизге кайрылгандардын көпчүлүгү эркек кишилер жана жаш балдар. Төрөлгөндө тубаса буту жок же жамбашы чыгып кеткен жаш балдар бар. Төрөтүп жатканда жамбашын чыгарып алышат жана кызыл ашыктан же тизеден ылдый буту жок төрөлгөн учурлар болот. Аларга калың байпак менен кийип алуучу бут кийимдер жасалат. Баланын сөөктөрү тез өскөндүктөн кийинки жылы буту кайрадан өлчөнүп, башка бут кийим тигилет.

Адатта бут кийимдер бир буту кыска, аксак же бир буту кызыл ашыкка чейин жокторго жасалат. Кышкы жана жайкы болуп бөлүнүп, булгаарыны колдонобуз. Ал эми протездин 17ден ашуун түрү бар. Протезди жасоого 1 жума убакыт сарпталат жана ага көнүү оңой эмес. Кээде өйкөп жатат деп кайрылышат, андай учурда кайра калыпка салып оңдоп беребиз.

Протездин сандан ылдый жасалган түрү 6-7 килограмм чыгат. Алардын Германиядан жасалган түрү жумшак жана бутка да ыңгайлуу, бирок кымбат», - деди Тажибаев.

1964-жылы пайдаланууга берилген Республикалык протездик ортопедиялык буюмдар мекемесинин Оштогу филиалы ортопедиялык кызматтарды көрсөтүп келишет. Бул жерде ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга протездер жасалып, буту түз эмес же аксаган адамдарга атайын бут кийимдер тигилет. Мындан сырткары корсеттер тигилип, таяктарды жасашат.

Учурда бул мекеменин каттоосунда түштүк аймак боюнча 3 миң 900 адам турат. Аларга бут кийим жана протездер мамлекеттин эсебинен берилип, керектүү материалдар Россия, Кытай, Германия өлкөлөрүнөн алынууда.

«Учурда акча маселесине байланыштуу 3-4 ай кезекке туруп калып жатышат. Буйрутмалар даяр болгондо почта аркылуу жашаган даректерине жеткирип беребиз. Мекемеде жалпы 36 кызматкер эмгектенсе, анын ичинен бирөө дарыгер, калганы техниктер. Эки кызматкерибиз демөөрчүлөр аркылуу бири Самара шаарынан, бири Германиядан окуп келди», - деп кошумчалады.

Бут кийим жасатууга май тамандар жана кант диабети менен ооругандар да кайрылышат. Мекемеге бут кийимдерди тигүү жана бычуу үчүн 2017-жылы Япон элчилиги тарабынан 10го жакын техникалык жабдуулар алынып келген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×