Бөлүмдөр
Ишемби, 17-ноябрь
Ош облусу, Ош 13.09.2018 17:19 На русском

Тамеки тарткан өспүрүмдөр Сулайман-Тоодогу чөптү өрттөштү

Turmush -  Бүгүн, 13-сентябрда саат 16:20 чамасында Ош шаарындагы Сулайман-Тоонун түндүк-чыгыш тарабында кургаган чөп күйүп баштаган. Күбөлөрдүн айтымында, өрт чыккан жерде эки өспүрүм бала турган.

«Сулайман-Тоо» музей комплексинин сугат жана жашылдандыруу бөлүмүнүн башчысы Эргеш Мамбеткадыровдун айтымында, тамеки тартуудагы этиятсыздыктан 12 сотых жердеги чөп өрттөндү.

«Быйылкы жылы Сулайман-Тоодо 4-5 жолу өрт чыкты. Өрттүн саны жылдагыга салыштырмалуу азайды. Бир ирет тоого жакын айылдагы трансформатордон өрт чыгып, чөп күйгөн. Башка учурларда тамеки тартуудагы этиятсыздык же балдардын от менен ойногону себеп болду», - деди Э.Мамбеткадыров.

Бүгүн өрт өчүрүү иштерине 3 өрт өчүрүүчү жана жашылдандыруу бөлүмүнөн 11 кызматкер катышкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×