Бөлүмдөр
Ишемби, 17-ноябрь
Ош облусу, Ош 14.09.2018 08:50 На русском

Америкалык Жон Де Лео Ошто уникалдуу балдар аянтчасын курду (сүрөт)

Turmush -  Ош шаарында биринчи жолу жыгачтан жасалган балдар аянтчасы пайдаланууга берилди. 11-сентябрда №24 Фрунзе орто мектебинде ачылган аянтча Американын Бишкектеги Тынчтык корпусунун жардамында курулган. Ал эми долбоорду аталган мектептеги окуучуларга бир жылдан бери англис тилин үйрөтүп жаткан ыктыярчы Жон Де Лео жазып чыккан.

Анын айтымында, бул аянтча табигый каражаттардан курулган Орто Азиядагы эң алгачкы балдар аянтчасы болуп калат.

«Мен бул мектепке 2017-жылы ноябрда ыктыярчы болуп келгем. Байкасам, мектеп балдар аянчасына муктаж экен. Андан соң курулуштун долбоорун өзүм сунуштадым. Мындай долбоорлор Америка, Европага таанымал, бирок Кыргызстанда анчалык белгилүү эмес. Курулуштун айырмачылыгы табигый жыгач материалдардан жасалганында. Балдар аянтчасында темир, желим сыяктуу материалдар жокко эсе. Мындан сырткары курулуштагы материалдар арзан жана аны Кыргызстандын базарларынан тапса болот.

Эгерде бир жери бузулуп же сынып калса курулуш материалдарын табуу оңой. Жалпы чыгым 200 миң сом болду. Аянтча балдар үчүн да, кыздар үчүн да ойноого ыңгайлуу болгонуна кубанып турам», - деди ыктыярчы Жон Де Лео.

Аталган мектептин директору Дана Абдубахапова балдар аянтчасын курууга 1,5 ай убакыт кеткенин айтат. Ошондой эле мугалимдер, жалпы эле мектеп жамааты жардамдашкан.

«Балдар аянтчасын 1,5 айдын ичинде куруп бүтүрдүк. Табигый материалдардан жасалды. Таш, жыгач, кум жана дөңгөлөк гана керектелип, ашыкча каражат коротулган жок. Окуучулар бул аянтчада темирлерди, желимдерди кармап ойношпойт. Ак-Буура дарыясынан насос менен суу тарттырып алдык, гүлдөрдү отургуздук. Ушул аянтчанын курулушуна салым кошкон инсандарга жана Жон Де Леого өзгөчө ыраазычылыгымды билдирем», - деди Д.Абдубахапова.

Учурда Ош шаарындагы №24 Фрунзе орто мектебинде 50 мугалим эмгектенип, 789 окуучу билим алууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×