Бөлүмдөр
Ишемби, 17-ноябрь
Ош облусуНоокат району 14.09.2018 15:48 Жаңыланды: 14.09.2018 16:24 На русском

6-класста окуган Марлен мугалимдерден коркуп, мектепке барбай жатат

Turmush -  Ноокат районунун Он-Эки-Бел айыл өкмөтүндөгү Нарай орто мектебинде билим алып жаткан 6-класстын окуучусунун ата-энеси милицияга кайрылды. Алар уулун мугалими сабап, чачын кыркып салган деп арызданышкан.

Окуучунун апасы Кымбат Амированын айтымында окуя, 11-сентябрь күнү болгон. Ал эми чачы кыркылган Марлен андан бери мугалимдерден коркуп, мектепке барбай жатат.

окуучу

«Менин уулум 6-класста окуйт. Баламдын желкесине майда жаралар чыгып, ал сакайганга чейин жаап турсун деп чачын өстүрүп койгонбуз. 11-сентябрь күнү математика сабагы болуп жатканда мектеп директорунун окуу иштери боюнча орун басары уулумдун чачын кыркып, жонуна 3 жолу окуучулардын көзүнчө уруптур. Балам мугалимге себебин айтканына карабай чачын кыркып салган. Өкүнүчтүүсү, класс жетекчиси, урган мугалим да эскертүү берген эмес. Мен балама кол көтөргөн мугалимге чара көрүү үчүн айылдагы аймактык милицияга кайрылганы барсам, ал мугалим менин үстүмдөн арыз жазган экен. Ал "баласынын чачын убагында албаганы үчүн ата-энесине чара көрүлсүн" деп арыз жазыптыр.

Менин балам учурда мугалимдерден коркуп сабакка барбай жатат. 2 жыл мурун дагы орус тили сабагын окуткан мугалим кыштын күнү баламды уруп, башын дубалга сүздүргөн. Анда бир айылдан экенбиз деп унчуккан эмесмин», - деди арыз ээси.

Кымбат Амирова

Кымбат Амирова

Ал эми Марленди урду деп айыпталып жаткан мугалим Замира Шералиева буга чейин эскертүү берилгенин билдирди.

«Биздин мектепте тазалык катуу сакталат. Мен 6-сентябрь күнү окуучулардын тазалыгын, формасын текшергем. Бул окуучу желкесине чачын өстүрүп алган. Мен ага 6-сентябрь күнү эскертүү бергем. Бирок ал чачын кырктырган эмес. 11-сентябрь күнү дагы текшергени кирсем, ал окуучунун чачы кыркылбаптыр. Ошол эле класста окуган бир окуучу кайчы бере калды, мен ал баланын чачын 3-4 мм гана кыркып, "үйүңө барып тегиздеткиң балам" деп койгом. Башка эч нерсе деген эмесмин. Ошол күнү мектепте отчёт жазып отурсам апасы телефон чалып, урушуп кирди. Милицияга да арыз жазыптыр. Ал тургай, мектепке "мугалимдин чачын кыркам" деп инисин ээрчитип, чоң кайчы көтөрүп келиптир. Жаныбызда участкалык милиция болбону үчүн кыркпай калды», - деди мугалим.

Ал эми мектептин директору Рахима Абдиеванын айтымында, мугалим балага кол көтөргөн эмес.

«Биз райондун борборунан алысыраак тургандыктан, буга чейин чачтарачтарды да уюштуруп келгенбиз. Убак-убагы менен балдардын чачын кырктырчубуз. Жаңы окуу жылында эле чачы кыркылбай келгени үчүн балага эскертүү берилген. Мугалимдин окуучуга кол көтөрбөгөнүн окуучулар да айтып жатышат. Ал эми 2 жыл мурун болгон окуяда дагы мугалим кол көтөргөн эмес. Ал окуучу сабактан тез-тез калып турат», - деди директор.

Аталган мектепте бүгүнкү күндө 501 окуучу билим алып жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×