Бөлүмдөр
Ишемби, 17-ноябрь
Ош облусуӨзгөн району 14.09.2018 13:38

Сүрөт — Өзгөндө 2 унаа сүзүштү, жабырлануучулардын бири 1 жашта

Turmush -  Өзгөн районунун аймагында 2 автоунаа кагышып, 4 жүргүнчү ар кандай деңгээлдеги жаракаттар менен ооруканага жеткирилди. Алардын ичинде 1 жаштагы бала бар.

Ош облусу боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн тастыкташкандай, унаалар 12-сентябрда саат 10:30 чамасында Дөң-Булак айыл өкмөтүндөгү Питомник айылында — Өзгөн—Мырза-Аке автоунаа жолунун 7-чакырымында кагышкан. Өзгөн районунун 1981-жылы туулган тургуну А.К. өзүнүн автоунаасы менен Мырза-Аке айылынан Өзгөн шаарына бара жаткан. Ал каршы тилкеге чыгып, автоунааларды ашып өтүүгө аракет кылып жатканда «Хонда Авансер» унаасы менен сүзүшкөн. Экинчи унааны Ош шаарынын 1962-жылы туулган тургуну А.У. башкарып жүргөн.

Окуянын кесепетинен эки унаадагы 4 жүргүнчү Өзгөн аймактык ооруканасына жеткирилди. Учурда бул факт боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалып, Өзгөн РИИБ тарабынан тергөө иштери жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×