Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 24-сентябрь
16.09.2018 23:16 На русском

Айыл турмушу: 63 жаштагы Ы.Асанова узун чачы менен москвалыктарды суктандырган (сүрөт)

Turmush -  Нарын шаарынын 63 жаштагы тургуну Ырысбүбү Асанованын чачынын узундугу 1 метр 60 сантиметрге жетет. Ал чачын кыркпай өстүрүп жатканын аймактык кабарчы менен курган маегинде айтып берди.

Ырысбүбү Асанова кесиби боюнча мугалим. Ийри-Суу айылында 5 жыл башталгыч класстарга мугалим, 10 жыл Нарын шаарындагы «Ынтымак» бала бакчасында тарбиячы болуп эмгектенген. Пенсияга чыккандан кийин шаардагы чоң мончодо иштеп жатат. Ал чачынын узундугун тукум куучулук менен байланыштырат. Апасынын чачы кара жана узун болгон. Ошондой эле эжеси да чачын кыркпай, узун бойдон кармайт.

«Нарын педагогикалык колледжинде окудум. Эмгек жолум өз айылымдан башталды. Мугалим, тарбиячы болуп эмгектенип, пенсияга чыктым. 18 жылдан бери чоң мончодо иштеп келе жатам. Ал эми чачымды 2010-жылдан бери кырпай өстүрөм. Буга чейин кырккан күндөрүм болгон», - деди ал.

Ырысбүбү Асанова чачка кам көрүүнүн сырлары менен бөлүштү.

«Мурдагы жылы Москва шаарына бардым, баары эле чачыма суктанып, сатуумду суранып жатышты. Аларга чач сатылбай турганын айттым. Азыр неберелеримдин чачтарын кырктырбайм.Чачым кыл чач болгондуктан көп чачышпайт, жүдөтпөйт. Тыкан түйүп жана өрүп жүргөн жагат. Чачымдын өңү кара. Башкача боёктор менен боёгонду жактырам. Чачка кам көрүүнүн атайын эрежеси деле жок. Болгону таза, тыкан алып жүрүү керек. Ар кандай шампунь менен жууп турам, буга карабастан акыркы кездерде чачым суюлуп бара жатат. Мурда абдан калың эле», - деди ал.

Ырысбүбү апанын 5 баласы жана 8 небереси бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×