Бөлүмдөр
Жума, 14-декабрь
Ош облусуАраван району 17.09.2018 09:53

Араван райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы кызматтан кетти

Turmush -  Араван районунун билим берүү бөлүмүнүн башчысы Тейитбек Раимкулов кызматынан бошотулду. Ал кызматтан бошотуу тууралуу арыз жазганын Ош облустук администрациясынын социалдык мониторинг жана өнүктүрүү бөлүмүнүн билим берүү тармагын тейлеген куратор Зулпукар Молошев билдирди.

Анын айтымында, учурда аталган кызмат орду бош. Бош орунга сынак жарыяланып, анын негизинде татыктуу талапкер тандалып, билим берүү министрлиги тарабынан дайындалат.

Буга чейин Араван районунда билим берүүнүн сапаты төмөн көрсөткүчкө ээ болуп, аталган бөлүмдүн башчысына Билим берүү жана илим министрлигинен эскертүү берилген. Ош облустук коллегиялык жыйында да бул маселе каралып, иштен кетирүү боюнча токтом чыккан.

Тейитбек Раимкулов 2014-жылы 7-июль күнү Араван районунун билим берүү бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалган болчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×