Бөлүмдөр
Жума, 14-декабрь
Ош облусуКара-Кулжа району 17.09.2018 12:37 На русском

Кара-Кулжанын тургуну ок атуучу курал жана ок-дарыларды мыйзамсыз сактап жүргөн

Turmush -  Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Алайкуу айыл өкмөтүнүн тургунунан мыйзамсыз сактап жүргөн курал, 42 даана ок-дары табылды. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын аймактар аралык башкармалыгынын кызматкерлери ок атуучу куралдарды мыйзамсыз сактоо боюнча алынган маалыматтын негизинде ыкчам иликтөө иштерин жүргүзгөн. Жыйынтыгында ушул жылдын 13-сентябрь күнү 21:30 чамасында Алайкуу айыл өкмөтүнүн 1983-жылы туулган тургуну М.А.нын үйүнөн Калашников үлгүсүндөгү автомат (1989-жылы чыккан), 2 даана ок кутучасы жана 42 даана 5,45 калибрдеги ок-дары табылып алынды.

Топтолгон материалдар Ош ОИИБдин кылмыш каттоо китепчесине катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 241-беренесинин 2-бөлүмүнүн негизинде (Ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды, жарылуучу заттарды жана жардыргыч түзүлүштөрдү мыйзамсыз алуу, берүү, өткөрүү, сактоо, ташуу же алып жүрүү) кылмыш иши козголду.

Соттук-баллистикалык экспертизанын корутундусунун негизинде аталган курал атууга жарактуу деп табылган. Учурда ок атуучу куралдын жана ок-дарылардын кылмыштарга тиешеси бар же жок экендигин аныктоо максатында кошумча экспертизалар дайындалып, тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×