Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-октябрь
Ош облусуАлай району 17.09.2018 14:22

Алайдагы машыгуу: Өрттөнүп жаткан унаадагы жүргүнчүлөрдү куткарышты (сүрөт)

Turmush -  Алай районундагы борбордук автобекетте облустун аймагында кырсыктардын тобокелдигин азайтуу боюнча жүрүп жаткан бир айлыктын алкагында машыгуу өткөрүлдү, деп билдирди аймактык кабарчы.

Машыгууга Алай райондук мамлекеттик администрация башчысынын орун басарлары Шерикбай Жапаңов менен Бактыбек Осмонов, ӨКМдин облустагы башкармалыгынын башчысынын орун басары, подполковник Исабек Эргешов, Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысы Алтынбек Болбур уулу, ошондой эле райондук жарандык коргонуудагы кызматтар, райондун борборундагы мектеп окуучулары катышты.

Машыгуунун практикалык бөлүгүндө автобекетте кырсыкка кабылып, өрттөнгөн унаанын ичиндеги жүргүнчүлөрдү куткаруу, өрттү өчүрүү иш-чарасы өткөрүлдү. Куткаруу тобу өрт өчүрүү, алгачкы медициналык жардам көрсөтүү иштерин белгиленген убактарда так жана шамдагайлык менен аткарды.

Иш-чарага катышкан мектеп окуучулары түрдүү кызматтардын иш аракеттери, кесипкөй кызматы, кесиптик техникалары, күжүрмөн даярдыктары тууралуу кеңири таанышууга мүмкүнчүлүк алышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×