Бөлүмдөр
Жума, 14-декабрь
Ош облусуКара-Суу району 17.09.2018 17:48 На русском

Кара-Сууда тосмону сүзгөн «Жигули» оодарылып, 79 жаштагы жүргүнчү каза болду (сүрөт)

Turmush -  Ош—Кара-Суу унаа жолунун 11-чакырымында, тактап айтканда Кара-Суу районунун Кашкар-Кыштак айылынын аймагыдагы жол кырсыктын кесепетинен 79 жаштагы киши көз жумду. Окуя 15-сентябрда саат 08:00 чамасында болгонун ОИИБдин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн тастыкташты.

Аталган тилкеде «ВАЗ 2107» («Жигули») үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу — Кара-Суу шаарынын 1960-жылы туулган тургуну О.А. рулду башкара албай, жолдун каршы тилкесине чыгып, бетон тосмону сүзгөн. Анын кесепетинен унаа оодарылып кетип, айдоочу денесинен жаракат алып, Кара-Суу аймактык ооруканасынын сыныктар бөлүмүнө жеткирилген. Ал эми унаанын жүргүнчүсү — Кара-Суу шаарынын 1939-жылы туулган тургуну К.М. алган жаракатынан улам ооруканага жеткенде каза болду. Алар Оштон Кара-Сууга кетип бара жатышкан.

Учурда бул факты боюнча соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, Кара-Суу РИИБ тарабынан тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×