Бөлүмдөр
Ишемби, 15-декабрь
Ош облусу, Ош 18.09.2018 12:45 На русском

Айыл турмушу: Оштогу кыз-келиндер ден соолукту чыңдоочу ыкма табышты (сүрөт)

Turmush -  Ош шаарында бел, бут, муун жана омуртка ооруларынан жабыркагандар ден соолугуна пайда алып келүүчү жакшы ыкма табышты. Учурда тайцзицюань өнөрүн үйрөнүп жаткандардын басымдуу бөлүгүн аялдар түзөт, деп билдирди машыктыруучу Нурасан Бакиров аймактык кабарчыга.

Анын айтымында, тайцзицюань өнөрү менен машыккандардын эң кичүүсү 4 жашта болсо, улуусу 70 жашта.

«Мага кайрылгандардын көпчүлүк бөлүгү бел, бут, муун, омуртка оорулары менен ооругандар. Ал эми тайцзицюань өнөрүнүн ден соолукка өтө чоң таасири бар. Ашыкча салмак менен жүрүп, баса албай калган аялдар келишет. Алар машыгууну баштагандан кийин ден соолугунда өзгөрүү болуп жатканын айтып калышат.

Тайцзицюань — эрктүүлүктү талап кылат. Машыгуучуларга эң биринчи аң сезимди башкарууну үйрөтөм. "Мен жасайм, колумдан келет" деген ишеним болгондо гана адам жашоосуна өзгөртүү киргизе алат. Адамдын өзүндө каалоо болбосо ага үйрөтүү кыйын», - деди машыктыруучу.

Тайцзицюань «тең салмактуулук» дегенди түшүндүрөт.

«Улуу окумуштуулар, аалам өзү Тайцзицюандан турат деп айтышат. Ал эми бул өнөр менен машыккан адамдын денесинде да тең салмактуулук болот. Кошумча салмак, арыктоо да оорулардын белгиси. Адам бүгүн ден соолукка көңүл бөлбөсө, эртең ооруга көңүл бөлөт. Ар дайым оорунун алдын алуу керек. Азыр спорттун бул түрү менен 4 жаштан 70 жашка чейинки шаар тургундары машыгып жатат», - деп кошумчалады.

Нурасан Бакиров спорттүн бул түрү боюнча Ош шаарындагы жалгыз машыктыруучу. Ал 13 жылдан бери машыктыруучулук кылып, адамдардын сергек жашоосуна шарт түзүп келет.

«Тайцзицюань көнүгүүлөрү өтө сабырдуулукту талап кылат. Түркүк сыяктуу болуп бир буттап аткарылуучу көнүгүүлөр бар, аларды сабырдуулук менен аткаруу керек. Азыр машыгууга келгендердин көпчүлүк бөлүгү аялдар. Эркектер да келишет, бирок чыдай албай кетип калышат. Кайсы көнүгүү болбосун бүтүндөй тулку бой менен аткарылат.

Бир көнүгүүнү аткарганда бүт дене кыймылга келет. Биздин баскан-турганыбыздын да өзүнүн эрежелери бар. Ар бир кыймылды туура аткаруу керек. Тамактанганда да туура тамактануу зарыл. Күнүмдүк тамактын 50 пайызын түштө, 30 пайызын эртең менен ал эми 20 пайызын кечинде жеш керек. Эртең мененки тамакты жебей жүргөн адам ошол күнү сөзсүз оорукчан болот. Эртең мененки тамактануу адамга күч-кубат берет», - деди Нурасан Бакиров.

Тайцзицюань (тайчи) — кытай элинин күрөш искусствосу катары таанымал. Бирок анын жаралышы тууралуу талаш маалыматтар бар. Анын биринде гимнастикалык көнүгүү катары каралса, башкасында күрөш искусствосу деп айтылат.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×