Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-октябрь
Ош облусу, Ош 19.09.2018 13:24 На русском

Ошто 27 жаштагы жигитти коркутуп, 10 миң сом талап кылган адам кармалды (сүрөт)

Turmush -  Ош шаарында 27 жаштагы тургунду коркутуп, акча талап кылган шектүү кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, жабырлануучу — 1991-жылы туулган Р.М. август айынан тарта Айбек жана Илич аттуу адамдар «10 миң сом берсең тынч жашайсың» деп опузалап, акча талап кылып жатканын айтып, арыз менен кайрылган. Шектүү 17-сентябрда саат 20:30 чамасында ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын аймактар аралык башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан Ош шаарындагы кафелердин биринде жабырлануучу Р.М.ди коркутуп, 10 миң сом алып жатканда колго түшүрүлгөн. Анын өздүгү аныкталып, Алай районунун 1982-жылы туулган тургуну Т.Б. экени такталды.

Подозреваемый в вымогательстве задержан в Оше

Ал буга чейин «Башкага берүү максатын көздөбөстөн баңги каражаттарын же психотроптук заттарды мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу» беренеси боюнча сот жоопкерчилиге тартылган, эч жерде иштебейт.

Т.Б. Ош ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда анын башка кылмыштарга тиешесин аныктоо максатында кошумча ыкчам иликтөө иштери жүргүзүлүүдө.

Топтолгон материалдар ОШ ОИИБдин кылмыш каттоо китебине катталып, Кылмыш-жаза кодексиндеги 170-берененин 2-бөлүгүнүн (алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан опузалоо) негизинде кылмыш иш козголду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×