Бөлүмдөр
Бейшемби, 20-июнь
Ош облусу, Ош 19.09.2018 17:18

Ошто өндүрүлгөн азык-түлүктөр эми облустун энбелгиси менен сатыкка чыгат

Turmush -  Ош облусунда өндүрүлгөн товарлар облустун бренди менен сатыкка чыгат. Бул тууралуу өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Бүгүн, 19-сентябрь күнү түзүлгөн «Ош бренд» комитети Япониянын «JICA» уюму тарабынан колдоого алынат.

Буга чейин аталган эл аралык уюмдун «Бир айыл бир продукт» программасы Ысык-Көл облусунда иштеп келсе, мындан ары Ош облусунда улантылат. Ош облусунда өндүрүлгөн азык-түлүктөр «Ош бренд» комитетинин текшерүүсүнөн өтүп, энбелги менен сатыкка чыгарылат.

Учурда «Ош бренддин» энбелгисин жасоого сынак жарыяланды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×