Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-октябрь
Ош облусуАлай району 20.09.2018 10:02 На русском

Алайда чөп жүктөлгөн унаа өрттөндү

Turmush -  Акыркы сутка ичинде республиканын аймагында 25 өрт кырсыктары катталды. Аларды өчүрүүгө 26 бөлүм жөнөтүлдү, деп билдирди бүгүн, 20-сентябрда ӨКМдин басма сөз кызматы. Өрт кырсыктардан адамдар жабыркаган жок.

Оштогу Алай районунун Жаңы-Алай айыл аймагынын Жаңы-Арык тилкесинде «ЗИЛ-130» үлгүсүндөгү унаа жана 2 тонна чөп өрттөндү. Өрткө электр зымдарынын кыска туташуусу себеп болгон.

Ошондой эле белгисиз себеп менен Аксы районунун Кош-Дөбө айыл аймагынын Улук айылында ачык аянтта 8 гектар куураган чөп күйдү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×