Бөлүмдөр
Шейшемби, 18-июнь
Ош облусу, Ош 20.09.2018 12:20

Батир сатып алып, белекке унаа ал: «Эмаком» курулуш компаниясынан кезектеги акция

Turmush -  Батир сатып алып, жагымдуу белек алууну кимдер гана каалабасын… Пайдалуу жана жагымдуу утушка ээ болгуңуз келсе, анда «Эмаком» курулуш компаниясынын пайдалуу, ыңгайлуу акциясына катышыңыз.

«Эмаком» курулуш компаниясы аз убакыттын ичинде кардарларынын санын өстүрүүгө жетишти. Буга чейин да компания майрам күндөрү турмуш-тиричилик техникаларын компаниядан батир алган бактылуу кардарларга белек кылып келген.

Кезектеги акциянын шарты:

Лотерея 2018-жылдын 25-декабрында ойнотулуп, жеңүүчүлөр аныкталат. Ал эми лотереянын шарты ыңгайлуу жана эң жөнөкөй.

Компаниянын билдирүүсүндө: «Эгер сиз "Эмаком" курулуш компаниясынан батир алсаңыз билетти белекке аласыз. Курулуп жаткан үйлөр Кыргызстанын кайсы облусунда, кайсы райондо жайгашканы маанилүү эмес, өзүңүз каалаган, ыңгайлуу болгон райондон тандоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болосуз. Акция 10-сентябрдан 25-декабрга чейин жүрөт жана белеттердин саны чектелүү. Андыктан мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбаңыз.

"Эмаком" курулуш компаниясы бул ирет кардарларын бир топ баалуу белектер менен сыйлайт. Утуштарда турмуш-тиричиликке зарыл болгон муздаткыч, сыналгы, тиричилик техникалары, автоматташтырылган кир жуучу машина, телефон жана башка белектер бар. Эң бактылуу жарандын бактысына башкы белек – Toyota Camry автоунаасы коюлууда.

Шарт боюнча урнага чогулган билеттер салынат. Катышуучулардын бири урнага салынган билеттердин ичинен бир билетти алып чыгат. Мына ушундай жол менен жеңүүчүлөр аныкталат. Саналуу мүнөттөрдүн ичинде автоунаа же дагы башка баалуу белектерге ээ болуп калышыңыз толук мүмкүн», - деп айтылат.

Сатуу бөлүмү менен байланыш номурлар: 0551 44 22 44, 0700 44 22 44, 0775 44 22 44.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×