Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-октябрь
Ош облусуАраван району 20.09.2018 15:28 На русском

Жол кырсыктан каза болгон Н.Маманазаровдун жакындары акыйкат чечим күтөт (видео)

Turmush -  Араван районунун Жаштык айылынын айрым тургундары АКИpress-Ошто маалымат жыйын өткөрүп, жогорку бийликтегилерге кайрылуу жолдоду. Алар Ноокат—Баткен жолунда каза болгон маркумду унаасы менен сүзүп, качып кеткен айдоочу жазасын алсын деген талап коюшту.

41 жаштагы маркум Нышанбай Маманазаровдун эжеси Толгонай Маманазарованын айтымында, окуя 26-августка караган түнү болгон.

«Бир тууганыбыз бейкүнөө каза болду. Анын 3 баласы, аялы, 90 жаштагы апасы, бир туугандары боздоп кала бердик. Инибизди сүзүп кеткен унаанын айдоочусу Баткен облусунун тургуну экен. Иним унаа кырсыктан көз жумганын милиция кызматкерлери аныкташты. Бирок буга карабастан шектүүнүн атасы уулун актоого аракет кылып, жаңжал чыгарууда. "Акчам көп каалаганымды кылам" деп жатат. Акчалуулар каалаганын кылса болобу?», - дейт ал.

Нышанбай Маманазаров

Погибший в ДТП Нышанбай Маманазаров

Маркум жубайы менен бирге нан жасап, тиричилик кылган. Ал окуя болгон күнү да нан жаап, андан соң үйүнө кеткени жатканда кырсыкка кабылган. Анын жубайы Айнагүл Кунаева буларга токтолду.

«Жолдошум менен нан жасап, үй-бүлөбүздү бакчубуз. Азыр 3 баласы жетим калды. Бизди өкүндүргөнү кырсыкты жасаган адам өз күнөөлөрүн мойнуна албай, жоопкерчиликтен качууда. Милиция кызматкерлери дүкөндөргө коюлган камералардан бардыгын делилдеди. Шектүүнүн унаасында да кандын издери болгон. Экспертизанын жыйынтыгы менен жолдошумду унаа сүзүп кеткени аныкталган. Учурда шектүүнүн атасы ар тараптан шылтоо таап, уулун актоо аракетин көрүп жатат. Жогорку бийлик өкүлдөрү акыйкат чечим чыгарууга көмөк көрсөтүшсүн. Бизди боздотуп, бейкүнөө адамды өлтүргөн киши жазасын алсын», - деди ал.

Буга чейин маалым болгондой, 26-августка караган түнү Ноокат—Баткен жолунда жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен Араван районунун 41 жаштагы тургуну Н.Маманазаров каза болгон. Андан кийин Кызыл-Кыя ШИИБ кылмыш ишин козгоп, 13-сентябрь күнү шектүү катары Баткен облусунун Бужум айылынын 20 жаштагы тургуну М.Н. кармалган болчу.

Бирок шектүүнүн атасы уулунун күнөөлүү эмес экенин айтып, маалымат жыйын өткөргөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×