Бөлүмдөр
Ишемби, 15-декабрь
Ош облусуКара-Суу району 21.09.2018 02:06 Жаңыланды: 21.09.2018 09:46 На русском

Айыл турмушу: Эстеликтерди жасаган Данияр саатына 10 миң сомго чейин киреше таба алат (сүрөт)

Turmush -  Кара-Суу районундагы Тээке айылынын тургуну Данияр Кудайберди уулу 6 жылдан бери эстеликтерди жасайт. Бул өнөрдү ал бир тууган агаларынан үйрөнгөн.

«Мен агаларымдан устачылыкты үйрөнгөндөн тартып ушул жаатта эмгектенип келе жатам. Өзүм Ош технологиялык университетинин архитектура бөлүмүн аяктагам. Үч-төрт жылдан кийин өз кесибим боюнча иштейин деген ниетим бар. Учурда устачылыкка кызыккандыктан таштап кете албай жүрөм», - дейт уста.

Эстеликке керектелүүчү каражаттарды Россиядан жана Кытайдан алдырышат. Ошондой эле Өзгөн районунун Жалпак-Таш айылынан табигый таштарды алып келип пайдаланышат.

«Эстелик жасоодо белге күч келет, себеби таштардын салмагы оор. Таштын бетин жылмакай кылып жатканда көздү сактап, мурунга чаң киргизбөө үчүн беткап тагынуу кажет», - дейт Данияр.

Ал устаканасына ай сайын 8 миң сомдон ижара акы төлөйт. Учурда 25 жаштагы уста бул ишке 19-20 жашынан тартып аралашып баштаган.

«Бир эстеликти жасоого 3 сааттан 5 саатка чейинки убакыт керектелет. Аны болгарка, таштын бетин жылмалоочу жабдуу, дрель, перфоратор шаймандарынын жардамында жасайбыз. Эстеликтер 5 миң сомдон 60 миң сомго чейин бааланат. Ал эми эстеликке маркумдардын сүрөтүн түшүрүү үчүн атайын 300 миң сомго Россиядан жабдуу сатып келгенбиз. Ошонун жардамында ташка сүрөт тартылат.

Айрым учурларда буйрутма берип, кайра келбей койгондор да болот. Аларга деп даярдалган эстеликтер устаканамда тура берет», - деди уста.

Эгерде уста 60 миң сомдук эстеликке буйрутма алып, аны 5 саатта жасап бүтсө, саатына 12 миң сомдон айланат.

Данияр үй-бүлөдө 6 бир туугандын эң кичүүсү. Учурда жубайы экөө бир уулду тарбиялап жатышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×